Бул бетте китеп жөнүндө табышмактар чыгарылды.
Кат-кат тону бар,
Ичи толо кени бар.
Кат-кат жалбырагы бар,
Чынында жыгач эмес.
Тиккен тиштери бар,
Бирок кийим эмес.
Тил оозу жок туруп,
Киши менен сүйлөшөт.
Чындыгында киши эмес,
Кишиге акыл үйрөтөт.
Өзү ак, сөзү кара.
Ай Талаада бир дарыя бар, бети каткан,
Бетинде бетегеси чыгып жаткан,
Кор болбос ушул дарыянын даамын таткан.
Өзү сүйлөбөйт,
Бирок кишиге акыл үйрөтөт.
Там үстүдө терек,
Ону кесмекке эр керек./
Татынакай сырты бар,
Түркүн-түркүн нерсени
Таамай айтат чынчыл ал/
Кабат-кабат каптама
Акылын болсо аттаба.
Бир нерсе ал билбегенди билгизген
Далай жолу мээге сезим киргизген.
Сандыгым бар өзгөчө
Колго алып жүрөмүн.
Ичин ачып антарып
Өмүр сырын билемин.