КАРТӨШКӨ

Алтынчы класста жаңы сабак өтүлүп бүткөндөн кийин агай:

— Кана, жаны тема боюнча кандай сурооңор бар? Жокпу? Жакшы. … Анда китептериңерди жапкыла. Кечээ өтүлгөндөрдү сурайм,— деди. Анан окуучуларды бир сыйра сыдыра тиктеп, журналды өзүнө жакындата жылдырып, кийинки кундору кимдер баа алалек, ошону байкады. Созсуз суралчу окуучулардын тушуна белги койду да, класска серп салды. Окуучулар кандай суроо берилер экен деген кыязда демдерин ичине тартып, күтүп калды.

— Кана, балдар, сюжет деген эмне? — Адабият мугалими бирөөнү эркелетип аткансып, жумшак сүйлөдү.

Туш-туштан кол көтөрүлдү. Кээси чыдабай: “Агай-агай, мен айтам! Мен айтам, агай! Агай-агай… Мен-мен…” деп, биринен бири озунуп, шаша баштады. Ошо тапта артта отурган бироо колун бирде которо коюп, бирде тушуро салып, арсарсып жатты. Анан бир маалда: “Эмне болсон, ошо бол!” дегендей, ал да көпчүлүктөн калышпай кол көтөрүп калды. Себеби, “окубай келдим эле…” — деп кол көтөрбөй койсо, ал бу жапырт кол которуп турган балдардын арасынан кашкайып билинип калмак. Бул оюн десе жантыгынан жата калган Мурат эле…

Кыраа мугалим тиги окуучу билбесе деле кол которуп турганын жаземдебей байкады да, дал ошону доскага чыгарды:

— Кана, сен айт.

Мурат капканга тушкон калтардан бетер алдастай түштү да, соңунан чийкил иреңи анардай кызарып чыкты.

— Тиги… сужет болсо… ал…— Акырында биротоло жооп бере албай шылкыйып туруп берди.

Муну коргон балдар: “Мен айтам… Мен айтам…” — деп чуру-чуу түштү. А агай Мураттын куулугун кармаганына ууртунан жымыйды. Анан баланы тамашалагысы келип:

— Сюжет желеби, же желбейби? — деп сурап калды. Муну укканда Мураттын көздөрү кыбыңдап, саал жандана калды: “Ал… ал… сүжет болсо…” — деди кекечтенип. Эми тобокелге салып “желет”, же “желбейт” деши керек эле. А балким туура чыгып калар. Туура чыгып калса жакшы баа алып калышы да ажеп эмес. А жаңылып кал­са — “бая ала жүргөн эки” эч кайда качпайт.

— Желет,— деди кыйды Мурат тобокелге салып. Анан агайын кантээр экен дегендей элейип карап калды.

— Ту-ура-а.— Агайы мостоюп туруп кадимки олуттуулугу менен баш ийкеди.

Балдар буга аң-таң калды. Бирде Муратты, бирде агайды карашты.

— Туура, жейбиз! — деди агай тигинин жообун ого бе­тер ырастап. Муну коргон Муратта “туура айткан экемин” деген сокур ишеним пайда боло калды.

— Аза-ма-ат, Мурат.— Агай тигинин алиги жообуна ыраазы болгондой түр көрсөттү.— Кана, эмнеге кошуп жейбиз?

Мурат бир аз ойлоно калып дагы тобокелге ооду:

— Картошкого…

Жанатан бери күлкүсүн зорго тыйып араң турган агай таре жарылды. Иштин жайын түшүнгөн балдар боорун тытып күлдү…

Ошондон кийин жалкоо Мурат “картөшкө” атка конуп кетти…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1 − 1 =