ДЕҢИЗДЕГИ БОРООН

Бороон аскаларга урунуп, күкүктөнгөн коркунучтуу кыш түндөрүнүн бири эле. Деңиз жээгиндеги балыкчы кыштагынын эли күркүрөгөн бир үндөн уйкуларынан ойгонду. Кулактарды тундурган бул үн аскаларга камалып калган бир кеменин жардам сураган белгиси. болчу. Кыштактагылардын баары аял-эркек, жаш-кары дебестен төшөктөрүнөн ыргып туруп, жээкке карай чуркап жөнөштү. Эркектер бир жардам кайыгын деңизге түшүрүп, тоодой толкундар арасыңда калган кемеге жардам бермек болушту, бирок бул алардын колунан келе турган бир иш эмес эле. Сөөктөн өткөн бир суук аркырап турган. Деңизге чыгуу оңой эмес болчу. Жээкте чогулган балыкчылар жол көрсөткүч Харрону күтүп жатышты. Харро ал кыштакты, ал түгүл ал аймактын эң мыкты, тайманбас деңизчиси эле. Толкундардын үстүндө кайыгын ат сыяктуу ооздуктап, көзгө сайса көрүнбөгөн караңгыда да жолун оңой таап, коркунучтарга каршы көзүн ирмеп койчу эмес. Бул жолу Харрону канча издешсе да таба алышкан жок. Күтө турган заман эмес эле. Айлалары түгөнгөндө, кайыкты деңизге түшүрүштү.

Таң атып келе жаткан. Жээкте күтүп тургандар кичинекей кайыктын тоодой толкундар менен кармашканын чанагынан чыга жаздаган көздөрү менен коркуп карап турушту. Каарман балыкчылар акыры батып бара жаткан кемеге жетип, ичиндегилерди куткарганга үлгүрүштү. Кемеде жалгыз гана бир киши калды. Ал киши рей тирөөчүнүн так учуна чыгып, аны кучактаган бойдон калыптыр. Сууктан тоңуп калса керек. Анын ылдый түшүшү же балыкчылардын рей тирөөчүнө чыгышы мүмкүн эмес эле. Айласыз бул деңизчини кемеге таштап кетүүгө аргасыз болушту. Балыкчылар соо-саламат жээкке кайтышканда, миндеген ооздон кубаныч кыйкырыктары чыкты. Бул арада Харро да кыштактын бир башка тарабынан энтиге чуркап жетип келди. Малма-чөлмө суу болуп, сууктан тоңуп өлө тургандай болгон балыкчыларга кайрылып: Баарын куткара алдыңарбы? деп сурады. Каарман балыкчылар: Жок! дешти, кемеде жалгыз бир киши калды. Аны куткаруу мүмкүн эмес эле. Так эле рей тирөөчүнүн башына чыгып алыптыр… Аякка ким чыгат эле. Харро: Аны мен куткарам, деп, кайыкка карай жүгүрдү. Харронун жанындай көргөн жолдоштору алдынан чыгып, токтотконго аракет кылышты: Бороон барган сайын артып бара жатат. Балким ураганга айланат. Тил ал, барба! Жок жерден жанынды кыйба, дешти. Бирок Харрону жолунан кайтаруу мүмкүн болбоду. Мингиле кайыкка! Эгер мени менен келбей турган болсоңор, айткыла, жалгыз өзүм кетем. Ушул кезде көпчүлүктүн ичинен бир карган кемпир чыгып, Харронун колдоруна жармашып алып коё бербей, жалына баштады: Харро! Кагылайын уулум, барба! Сен менин акыркы умүтүм, акыркы уулумсуң! Атаңды да бул коркунучтуу толкундар жутту. Агаң Петёр көп жыл мурун деңизге кеткен бойдон жок болду. Алигиче бир дайны жок. Мени ая, уулум, карган эненди ойло. Барба!… деп жатты. Харро өзүн кучактап, тоскоол болууга аракеттенген энесине токтоо жана чечкиндүү үнү менен ушул жоопту берди: Апа, кемеде өлүмгө ташталган адамдын да энеси бардыр! Харро кайыкка секирип түштү. Харрону жалгыз жибергиси келбеген төрт жолдошу да кошо кетти. Толкундар бир канча жолу кайыкты жээкке сүрүп келди. Кайык кээде толкундардын үстүнө чыгып, кээде чуңкурга киргенсип жок болуп кетип жатты. Бороон менен толкундардын тендешсиз күчү адамдар менен оюн ойноп жаткандай болду. Жээктегилер үмүтүн үзүп коюшту. Бир аздан кийин баары бир ооздон кубанычтуу кыйкырып жиберишти. Бир сыйкыр даарыгандай болду. Кичинекей кайык батып бара жаткан кемеге жакындады. Анан демдерин ичине алып, эр жүрөк Харронун рей тирөөчүнө чыгып бара жатканын, жарым-жартылай тонуп калган кишини тирөөчтүн башынан түшүргөнүн карап турушту. Кайтыш андан бешбетер кыйын болду. Бирок каармаңдыгы жана тажырыйбасы менен Харро күркүрөгөн, өркөчтөнгөн, кутурган толкундардын күчүн майтара алды. Кайык жээкке келгенде, баары Харронун сүйүнүчтүү кыйкырыгын угушту: Апа! Апаке! Уулунду, Петерди алып келдим сага.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2 × 5 =