Күз келди – Токтосун Нурматов

Берекелүү күз келди
Айыл алма жыттанып.
Ак буудайдын данына,
Кампа толду шыкалып.

Жыйым-терим маалы,
Бекер жүргөн эч ким жок.
Эл жабыла иш менен,
Талаа жактан кеткен жок.

Каникулда биз дагы,
Өнөктүккө катыштык.
Картошканы, пиязды,
Кампаларга ташыштык.

Улуулардан накыл кеп,
Күндө угуп жатабыз.
«Жаз-жарыш, күз-күрөш» деп
Айтат апа-атабыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

11 − 10 =