Алтын күз ыры – Жедигер Саалаев

Алтын күздө сапсары
Араласам бакчаны.
Айлана бүт шаңданып
Капыстан ырдай баштады.

Буудай:
Буудаймын мен кыпкызыл,
Ысык нанды жараткан.
Ата-баба сыйлаган,
Нечен кылым эл баккан.

Арпа:
Арпамын мен муруттуу,
Мал тойгузган жан болом.
Кампа толуп мен менен,
Баардыгына жем болот.

Алма:
Мен Алмамын, Алмамын,
Бакта өсүп калгамын.
Жесең тоюп курсагың,
Шекер татыйт таңдайың.

Коон:
Койдой болгон Коонмун мен,
Күз келгенде союшат.
Ичек-кардым артылбайт,
Бөлөк алып коюшат.

Дарбыз:
«Дарбыз, дарбыз» дешип,
Дарбып калат балдар.
Жумшак дешип тишине да
Жакшы көрөт чалдар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пять × два =