КӨСӨӨ


Илгери бир кандын жалгыз уулу болгон экен. Ал бир күнү жатып түш көрөт,
түшүндө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок бир кыз көрүп, ага ашык болот.
Эртеси баланын эч нерсеге көңүлү чаппай, сырын эч кимге айтпай, бүк түшүп
жатып калат. Бул кабар канга жетип, ал келип: «Балам, сага эмне болду? Көңүлүңө
кандай кайгы толду?» деп, сыр сурайт. Анда баласы: «Ата бир ажайып түш
көрдүм, ай десе аркы, күн десе көркү жок бир кыз көрдүм» дептир. Кан иштин
жайына түшүнүп: «Түшүндө көрүп ашык болгон кызыңды издеп тапкын» деп
баласына уруксат берет. Бала атасынын калкын бүт кыдырып түшүндө көргөн
кызды таппайт. Нечен сулуу кыз көрөт, бирок, бир да бирөө көңүлүнө жакпайт.
Акыры атасынан кырк төөлүк дилде алып, шайдоот жигиттерден кырк жигит
ээрчитип, дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып чыккан экен. Бирок, издеген кызы
табылбай, арып ачат. Акыры кырк төөлүк дилде түгөнүп, аттарынан ажырап,
мусапырчылык баштарына түшөт. Ошондо кырк жигит өз ара акылдашып:
«Таксыр каным, кырк төөлүк дилдени да түгөттүк, аттардан да ажырап,
мусапырчылык башка түштү, аман-сообузда элди көздөй кайталык» дешти. Анда
бала: «Кырк жигитим силерге уруксат элге, кайткыла, атама кабар айткыла, кырк
төөлүк пулдан жок, же аттан жок, же издеген кызымды таппай, элге кантип
барамын, мен ошол түшүмдө көргөн кызды издеп, жер кезип тентип кетемин»
деген экен.
Бала аларды жөнөтүп жиберет да, эки этегин кайра кыстарып, колуна темир
таяк алып, бутуна темирден чарык тартып, жолго жалгыз өзү чыккан экен.
Барбаган эли калбай, баспаган жери калбай, кыдырып отуруп, ыргайдай болуп
арып-ачып, араң дегенде бир шаардын четине келип калат. Эртеси шаардын
четиндеги бир чөп алачыкка кирсе, бир чал-кемпир отурат. Бала кирип барып:
«Ассалом алейкум!» дейт. «Алекима ассалоом, о балам, кайдан, эрдиң кеберсиңки,
этегиң түгөнүңкү, алыс жолдон келе жаткан түрүң бар» дейт. Бала: «Ата, баласы
жокко бала, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөмүн». Ага баласы жок бечаралар
кубанышып, «жакшы болот» деп бала кылып алышат. Кемпир, чалдын бир
эшегинен башка эч нерсеси жок, күнүгө эки тең отунду базарга сатып, ошону
менен жан сактаган бечаралар экен. Бала күнүнө эки тең отунду базарга алып
барып сатып, түшкөн тыйынга кант, чай алып кемпир, чалды багып жүрө берет.
Күндөрдүн биринде бала каадасынча эшекке эки тең отун артып базарга
келсе, базар тарап калган кези экен. Отунун эптеп бир теңгеге өткөрүп кайра
келатса, жанына кырк кыз ээрчитип, сурнай-керней тарттырып, шаан-шөкөт
менен баягы түшүндө көргөн сулуу кыз алдынан чыгат. Бала кызды көрүп, эстен
танат. Эсин жыйып жанына барайын десе, желдеттер кубалап жибербейт.
Ошентип, ыйлай-ыйлай, үйүнө кайтат. Үйүнө келсе кемпир, чал: «Ээ балам, аман
эсенсиңби?» дешип башынан суу айландырып, чачып басып жыгылышат. «Ээ ата,
жарыктык, мынчалык эмне кабатыр болдуңуз, барып жүргөн эле базарым,
эмеспи, келет элем да?» дейт. Анда чал: «Ээ балам, бу дүйнөдө бирөө шапар тээп,
жан жыргатат бирөө биз сыяктуу бир тойгон тамагына курсант болуп күн
өткөрөт. Бүгүнкү күнү кандын кызы кырк кызын ээрчитип, керней-сурнай
тарттырып базарга чыкмак. Сага эскертпей унутуп калыптырмын, ал күнү эч бир
эркек базарга чыгууга тийиш эмес. Жума күнү базарга барган эркекти кан
өлтүрүп койчу эле, ажалың жок экен» деп сүйүнүшүп, баласын караса, эки көзү
шишиген, кемпирдин эптеп кайнаткан чайына да табыты тартпай бүк түшүп
жатып калат.
Кемпир менен чалдын шаштысы эми чындап кетип: «Айланайын балам, бизди
кыйнабачы, бирөөдөн запкы көрдүңбү, же бирөөдөн жаман сөз уктуңбу, эмне
болду?» дешти. Бала башынан өткөргөндөрүн бүт айтып берди: «Мен кандын
баласы элем, түшүмдө бир кыз көрүп, ага ашык болуп, издеп чыкканыма жети
жыл толду. Ошол кызды ушул шаардан таптым. Же силерде каруу-күч жок, же
өзүмдө айла жок, ошого капа болуп жатамын» деди. Кемпир-чал муну угуп,
аябай кейишет. Акырында чал: «Балам, урушта туруш жок, эртерээк аракет жаса.
Бир айланы тапса: «Көсөө» деген эл табат, ал элдин атасынан баласына дейре
айлакер чыгып, амалдуу келет. «Айыгаар оорунун дабасы өзү табылат» дегендей,
эбепке-себеп болуп калса ажеп эмес» деди.
Бала кемпир-чал менен коштошуп, жөнөй турган болгондо баягы чал: «Ээ
балам, бала-бото болуп калдың эле, жөө жүрбөй мына бул эшекти минип кет»
деди. Бала: «Ата, мен жалгыз эшегиңерди минип кеткенде күнүңөр эмне болот,
оокатыңар өтпөй калбайбы?» деп болбой койду. Чал: «Балам, аз да болсо
анча-мынча күнгө жол азык болоор» деп баягы бала отун сатып алып келген бир
теңгени чөнтөгүнө салып берип, жөнөтүп жиберди. Ошентип, бала эки этегин
кайра түрүнүп «көсөө» деген калкты издеп жүрүп отуруп, жолдо жер айдап
жаткан бир дыйканга жолукту. Дыйкан өгүздү жетелесе, буурсунду кармоого
киши жок, буурусунун кармаса, өгүздү жетелеген киши жок, аябай кыйналып, жер
айдап жаткан экен. Баланы көрө коюп сүйүнүп: «Ай, жигит, кел ортоктошуп жер
айдайлы, же буурсунду карма, же өгүздү жетеле» деп чакырып калды. Бала:
«Зарыл иш менен жүрөт элем, дүнүйөнүн кереги жок» деди. Анда дыйкан: «Ээ,
балам, эрдиң кеберсиңки, этегиң түгөтүңкү, жабыр тарткан адам экенсиң,
издегениң эмне?» деди. «Аке, «көсөө» деген калкты издеп чыктым эле». «Бол эми
батыраак, ишке кир, «көсөө» деген элдин өзү чыгарбыз. Болгондо да эки көзү
чыгарбыз, жетеле дегенде жетеле, өгүздү» деп дыйкан ачуулана баштады.
Бала издегени оңой табылганына кубанып, дароо чечинип кош өгүздү келип
жетеледи. Экөө бат эле жерди айдап бүтүрүшүп жайланышып отурганда,
дыйкан-көсөө баладан сыр сурады:
«Кана, балам, эмне сырың бар? башыңан өткөн-кеткенди сүйлөчү?» деди.
Бала түшүндө бир кызды көрүп, ага ашык болуп издеп чыккандыгын, бир
шаардан ошол кызды көргөндүгүн төкпөй-чачпай дыйканга айтып берди да:
«Эми аке, бир үмүтүм сизде калды. Эптеп кызды алып бериңиз» деди.
Көсөө муну угуп: «Канча пулуң бар?» деп сурады. Бала: «Бир теңгемден башка
эч нерсе жок» деп жооп берди. Дыйкан: «Ошол жетет» деп, баланы ээрчитип алып,
бир топ койчуларга келди да, кызык окуялардан кеп салып, сөзгө уютуп отуруп
«эми мырзалар, бир теңге берейин, бир жандык саткыла» деди.
Койчулар бирин-бири карашып туруп, бир серке жетелеп келишти эле,
дыйкан серкени бир колуна, теңгени бир колуна кармап туруп, дагы кызык
аңгеме салып, койчуларды кыраан-каткы күлдүрүп отуруп, кеч киргизди.
Койчулар кетмек болуп камынып калышты эле, Көсөө: «Ээ, мырзалар менин бир
серке, бир теңге пулум бар, экөөн тең берейин, бир токту саткыла» деди.
Койчулар бир теңгени, серкени алып, бир токту беришти. Эртеси күнгө жума
экен. Көсөө токтуну балага жетелетип алып базарга чыкты. Аңгыча
керней-сурнай тартылып, кандын кызы кырк кызы менен базарга келип кирди
эле, Көсөө балага: «Мен эмне кылсам ошону жасап мени туурай бергин» деди да,
койду жерге көтөрүп уруп, арт жагынан мууздап кирди. Кыздар муну көрүп таң
калышты. Аңгыча бир кыз: «Ой, адамдар, аягынан мууздабай, башынан
мууздагыла» деп, көрсөтүп бере койду. Бала койду мууздады эле, Көсөө жонунан
жирей баштады. Анда экинчи кыз: «Ой, жонунан жиребей, бут жагынан
жирегиле» деди. Ал аңгыча болбоду, «эмне эл үймөлөктөшөт» деп кандын сулуу
кызы да келип калды. «Кайдан келген, эмне болгон жансыңар?» деп суроо салды.
Анда Көсөө: «Ээ: биз бир жүргөн мусапырбыз, береги койду бирөөдөн кудайы
сурап алып, союп жейли деп жаттык эле» деди. Кандын кызы бир нөөкөр кызына:
«Булар бир бечаралар экен, казан, тулга алып келип бере сал, бышырып жешсин»
деп буюрду.
Ал кыз келгенче Көсөө кыздарга кызык кептерден салып, күлдүрүп отурду.
Аңгыча болбой казан, тулга алып, кыз келди. Көсөө тура калып тулганы коё
койду эле, бала казанды көмкөрөсүнөн аса салды. Көсөө карап турсунбу,
көмкөрөсүнөн аскан казанга суу куюп киргенде, карап турган кыздар: «Андай
аспай, мындай аскыла» деп, казанды асып, суу куюп, эт салып беришти. Аңгыча
бала тезекти алып келип, капкактын үстүнө калай баштады. Муну көргөндө
кандын кызынын боору ачып үч кызга: «Бул бечаралардын этин бышырып
берип, тойгузуп койгула сообу тиер» деди. Бул учурда Көсөө кыздарды кызык
аңгемеге кызыктырып, кыраан-каткы күлдүрүп, алаксытып кечке калтыруунун
амалында болду. Анткени кандын уруксаты боюнча кыздар бешимге чейин гана
базарламак; эгер бешимден калса, кан алардын башын алмак.
Кыйлада барып койдун эти бышты. Кыздар этти чарага чыгарып, эки байкуштун
алдына коюшту эле, экөө этти үзүп алышып, биринин оозуна экинчисин салып
кирди. Кандын кызы: «Ар кимиңер өз-өзүңүр жегиле» деди. Алар: «Биз өз
оозубузду көрө албайбыз, ошондуктан бири-бирибиздин оозубузга салып
жатабыз » деп коюшту.
Ошентип, эрмектеп отуруп, этти жеп бүткөнчө убакыт өтүп, кыздардын
тынчы кетип, дүрбөлөңгө түшүп калышты. Көсөө болсо бешим окуп, кыйкырып
кирди. Кандын кызынын жаны чыгып: «Айланайын, соопчулукка акырын окуй
көр, кан угуп калса биз да өлдүк, силер да өлдүңөр» деди. Анда Көсөө: «Мен өлөт
элем деп, намазымды таштамак белем» деп, ого бетер үнүн бек чыгарып окуй
берди. Акыры кыздардын айласы кетип: «Эмне кааласаң ошону ал, деги акырын
окуй көр» деп суранышты эле, Көсөө: «Бизди ортоңорго жашырып, өзүңөр менен
бирге сарайга ала киргиле» деди. Кыздар макул болушуп, аларды ортого алып
көрсөтпөй, кандын сарайына алып кирип кетишти. Аңгыча дигер окуй турган
убакыт болду. Көсөө адатынча заңгырап кыйкырып киргенде кандын кызы бир
вазир кызын ээрчите чыгып: «Ой, жана эле айтпадым беле, акырын окусаң боло,
кан укса мени да сени да өлтүрөт» деди эле, Көсөө: «Оо, каныша жана мен бешим
намазымды саткам, азыр мен дигер намазымды окуп жатамын» деп жооп берди.
«Кудай жалгагыр, деги каалаганыңды ал, анчалык озондобочу» деди. «Эми
бир баштык алтын берсең экен». Каныша: «Бир баштык алтын алып келип
бергиле» деп кыздарына буюрганда, кыздар дароо бир баштык алтын алып келип
беришти. Аңгыча намаз шам болду. Көсөө намаз окуган болуп дагы да, кыйкырып
киргенде кандын кызынын вазири чыгып: «Дагы эмне кемтигиң бар, акырын
окуй албайсыңбы?» деди эле, Көсөө: «Биз бул жерден коркуп жатабыз, өзүңөрдүн
үстүңөргө алсаңар экен» деди. Кыздар: «Кан угуп калат экен» деп жандарынан
коркушуп, үстүлөрүнө киргизип коюшту эле, Көсөөнүн тынч алар көзү жок, дагы
бир куптан окуп заңгырады. «Кайдагы эмелерге кезиктик эле» деп кандын
кызынын чындап айласы кетип: «Ээ, бөөдө мерт боло турган болдук, максатыңар
эмне?» деди. Муну укканда Көсөө ордунан ыргып туруп, баланын башынан өткөн
окуясын баяндап келип: «Ушунча жер кезип, сен үчүн тентиреп жүргөн баланын
көңүлүн жубатып, жок дегенде өзүң жаткан үйгө кийирип койсоң» деп суранды.
Кыз макул болуп, баланы өзү жаткан үйгө кийирип алып, жөн-жайын сурап
билип, ашык болуп калат. Таң атып келаткан мезгилде Көсөө баланы чакырып
чыгып, коргондун түбүнө ээрчитип келет да, адегенде аны дубалдан секиртип
түшүртүп андан кийин алтынды алып берет. Акыры өзү түшмөк болуп жатканда
кандын кароолчусу ойгонуп калып, Көсөөнү зым камчы менен бутка үч чабат.
Ошондо Көсөө дубалдын кырында туруп: «Ээ, ит, алсак кандын алтынын алдык,
жатсак кандын кызынын жанына жаттык, кызталак сенин эмнең кетти, акыры
сага үч кылбасам» деп дубалдын сыртына кулап түшүп кеткен экен.
Экөө бир баштык алтынды көтөрүп алып Көсөөнүн үйүнө келишет. Эртеси
Көсөө базарга чыгып, аялдын жасалгалуу кийим кечегин, атыр-упа, эндик, жыпар
сатып келет да, кечинде аялча кийинип, атырдан куюнуп, эндикти сүйкөнүп
сулууланып алып, кандын сарайынын астынан өтүп баратканда баягы кароолчу:
«Ой, беймаал убакта өткөн ким, бери кайрыл» деп кыйкырып калды эле, Көсөө
үнүн аялдардыкындай жасап ичке чыгарып, «ии ботом, мен эле» деди.
«Беймаалда кайда баратасың?». «Бир байбачанын зайыбы элем, күйөөм үстүмө
токол алам дегенинен ызама чыдабай төркүнүмө кетип баратамын». Күзөтчү
жыпардын аңкыган жытына мас болуп, кыйшалактап: «Азыр бирөөлөр беймаза
кылаар, бул жерде конуп ал, эртең таң эрте жолго салайын» дейт. Көсөө макул
болуп күзөтчү менен сарайга кирсе, кире бериште төрт казык кагылып туруптур.
Аны көрө сала ойсоктоп: «Ии ботом, бул эмне деген казык?» деп сурады. Күзөтчү:
«Күнөөкөр болгон адамды керип сабай турган жай» деди. Көсөө түшүнбөгөн
киши болуп: «Ии, ботом, кантип кересиңер?» дегенде кароолчу: «Мунун эмнесине
түшүнбөйсүң?» деп, баягы жерге жата калып, колу-бутун төрт казыкка керип
түшүндүрө баштады эле, Көсөө: «Ии ботом, мындай-мындай турбайбы» деп,
кароолчунун колу-бутун керип, төрт казыкка байлап: «Ээ ит, алсам кандын
алтынын алдым, жатсам кандын кызынын жанына жаттым, сен мени дүрө камчы
менен үч чапкандай эмне жаздым» деп, күзөтчүнү дүрө камчы менен сабай
баштайт. Аябай эсин оодарып, бир кулагын чырт кесип алып, бир өчүмдү алдым,
«экөө сенин мойнуңда» деп кете берет.
Үйүнө барып кулакты кебезге оротуп каттырып коёт да, эртеси ат сатып
алмак болуп, баланы ээрчитип алып базарга чыгат. Базарда не бир тулпар, не бир
жорго, не бир аргымактарга Көсөө көңүл бурбайт. Акыры кечке убара болуп
жүрүшүп бир кыска, бир узун эки ак кийим, куйругу сопол соңк-соңк желген бир
коңкойгон чаар атты, бал китеп, түрлүү дары-дармектерди сатып алып үйлөрүнө
кайтышты. Кечинде Көсөө узун кыскалуу ак кийим кийип, селде оронуп, бир
куржундун бир жак көзүнө китептерин, бир жагына дарыларын салып намаз
шамдан өткөн убакта чаар ат менен соңк-соңк желип, кандын эшигинин алдынан
өттү эле кан: «Бу беймаалда өтүп бара жаткан ким тарт бери!» деди. Көсөө аттан
түшүп, эки колун бооруна алып: «Таксыр каным береги жактагы бир ооруу
кишиге дары-дармегимди, бал китебимди алып бараттым эле, кеч чыгып
калыпмын» деди. Кан: «Андай эле олуя болсоң, менин кандыгымда эмне окуя
болуп жатат айтып берчи?» деди. Көсөө: «Куп болот, таксыр» деп бал китепти
ачып, окуган болуп болгон окуяны баяндады да: «Сиздин элде бир оору бар экен,
ал киши кулагынан оор жарадар экен, азыр кыйын абалда жатса керек» деди. Кан
анын көз менен көргөндөй таамай айтканына таң калып: «Олуям, ошол бечараны
айыктырып бербейсиңби, жарасы кудум сиз айткандай» деди. Кандын сөзүнө
макул болуп: «Таң атканча окуп чыгып, таң атканда жаратына дары сыйпайм,
айыгып кетер, бирок, менин айтканым орундалбаса, эмим конбой калышы да
мүмкүн» деди.
Анда кан: «Эмне болсо да орундатайын, айтыңыз» деди. «Эмесе үч боз үйдү
катар тиктирип, жыйырма жигитке үч үйдү курчап кыйкырып турууга буйрук
бериңиз. «Алар мен болду дегенде гана үндөрүн бассын» деди. Кан макул болуп,
Көсөөнүн айтканындай жыйырма жигит камдап, үйдү тегеректетип койду. Көсөө
болсо атын үйдүн жанына байлап, кандын жигиттерин: «Таң саарында бир боо
чөп алып келип салып койгула» деди да, оорулуунун үстүнө кирип кетти. Элдин
алды жатканда жыйырма жигит кыйкырып кирди. Ошентип, күрүү-күү, чуру-чуу
түшүп жатканда Көсөө: «Ээ ит, алсам кандын казынасын алдым, жатсам кандын
кызынын жанына жаттым, сен үч чапкандай мен эмне кылдым?» деп, таң атканча
күзөтчүнү тепкилеп, экинчи кулагын да кесип алып кете берет.
Таң саарында кандын жигиттери бир боо чөп алып келип атка салып, оору
жаткан үйгө кирсе, эч ким жок. Күзөтчү айыкмак тургай тулуптай шишип, экинчи
кулагынан да ажыраган, канга боёлуп, араң эле жаны калыптыр.
Жигит кыйкырыкты араңдан зорго басып канга чуркап келип: «Каным,
күзөтчүнү айыктырмак тургай, айласын кетириптир, араң эле жаны жатат,
олуяңыздан дайын жок» деди. Көсөө болсо үйүнө келип, экинчи кулакты да
балага каттырып койду.
Кан каарына катуу алып: «Миң башы жүз башына айтсын, жүз башы элүү
башына, элүү башы элге айтсын, бир кишини калтырбай жыйып берсин, мен аны
тааныймын» деп буйрук берип, элди чогултту. Муну угуп баланы ээрчитип Көсөө
келди да: «Капырай кандын керемети болот дечү эле, таанып койбосун, сен
барып байкап келчи» деп баланы жумшап жиберип, өзү элдин четирээк жагында
карап турду.
Аңгыча башка шаардан келаткан бир байбача жигит желмаян минип,
Көсөөнүн алдынан чыгып: «Бул эмне деген чаң-тополоң?» деп сурады эле, Көсөө:
«Оо жигит, желмаянды такымга бир салып, кандын алдынан: «Бакырыңа эки
кылган мен элем» деп өтсөң, кан тактысын да, кызын да сага берет, өзүңдү «кан
күйөө, бек күйөө» деп, кадырлап, тактыга отургузушат. Кудайдан корксоң,
бирөөнү мага берерсиң» деди. Ала көөдөн байбача желмаянды такымга бир
салып: «Бакырыңа эки ирет кылган мен элем» деп, желмаяндын оозун коё берип,
кандын алдынан өттү. Кан: «Кармагыла» деп буйрук берди. Кандын жигиттери
анын артынан жөнөп калды. Желмаян жеткирүүчүдөй эмес, жел менен кошо
закымдап, учуп отурду. Ал эми ала көөдөн байбача: «Качан мага жетишип, «кан
күйөө, бек күйөө» деп кулак, мурдумдан чоюшат, деп, желмаяндын оозун тартып
кылчактап жүрүп отурду. Кандын жигиттери байбачаны кууп кеткенде, Көсөө
баягы күзөтчү жаткан үйгө кирип: «Ээ ит, алсам кандын казынасын алдым,
жатсам кандын кызынын жанына жаттым, үч чапкандай мен сага эмне жаздым?»
деп аябай сабап, эсин оодарып, мурдун кесип кете берет.
Кандын жигиттери байбачаны кууп, жетип кармап, кандын алдына алып
келишти. Кан: «Кана, жигит, эки ирет кылганыңдын жөнүн айтчы?» деди эле байбача жигит коркуп калтаарып, «минтип айт» деп ушул жерден бир жигит айтты
эле, мен өзүм башка шаардан келе жаткан бир жолоочумун» деп, чынын айтып
берип кутулду. Аңгыча болбой эшиктен бир жигит кирип келип: «Таксыр кан,
баягы бечаранын мурдун да кесип кетиптир» деди. Ошондо кан элине жар
чакыртты: «Кимде-ким ушул кылган ишин жашырбай айтып берсе, мен ошого
кандык тактымды, таажымды, казынамды жана кызымды да беремин» деди. Бала
муну угуп энтеңдеп Көсөөгө жүгүрүп барды да: «Жүрүңүз эртерээк, канга барып
чыныбызды айтып, кызын да тактысын да, таажысын да алалы» деди.
Аңгыча Көсөө: «Кан өз оозу менен айттыбы, сен өз кулагың менен уктуңбу?»
деп сурады эле, бала: «Кан өз оозу менен айтты, мен өз кулагым менен уктум»
деди.
Көсөө арыдан бери эки кулак, бир мурунду жанына салып, жакшы кийим
кийгизип, баланы ээрчитип канды көздөй жөнөп калды. Келишсе эл чуру-чуу,
күрү-күү: «Мен кылдым» деген чуудан кулак тунат. Ар ким ошентип жатканда
Көсөө баланы кандын алдына жетелеп келип: «Таксыр каным, кечсең күнөөм
мына, кессең башым мына» деп, бардык окуяны баяндап берди.
Кан Көсөөнүн сөзүн угуп отуруп: «Ушул айткандарыңды кантип
далилдейсиң?» деп сурады. Көсөө күзөтчүнү алдырып, кулагын кулагына, мурдун
мурдуна коё койду эле, кадимкидей кыналышып ордуна келди. Кан Көсөөгө
жыгылып, тактысын, таажысын балага берип, кызын да ага берген экен. Ошентип
бала тилегине жетип, кан болуп, түшүндө көргөн кызын алат. Баягы бечара
кемпир-чалды алдырып өргөө көтөрүп берет да, Көсөөнү үйлөндүрүп өзүнө
башкы вазир кылып алат.
Ошол кезде баланын өз атасы күйүткө алдырып, кандыктан ажырап,
жакырланып бүткөн экен. Бала өз атасын дагы көчүрүп алып, эки элдин башын
курап бардыгы жыргап жатып калышкан экен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

четыре × пять =