ЭНЕНИН СҮЙҮҮСҮ

Жети-сегиз жаштагы, кичинекей бир кыз талаадагы үйдүн мандайында өзүнчө кум менен ойноп жаткан. Үйдөгүлөрдүн бардыгы талаага иштегени кетишкен эле. Үйдө жалгыз гана апасы бар болчу, ал дагы ашканада тамак бышырып жаткан. Бир маалда эле ити уясынан атып чыгып, үрө баштайт. Короонун дарбазасынан ала-була бир уй кирип, кумдуу көлмөгө карай чуркады. Кичинекей кыз коркконунан чыңыра баштады. Апасы чыга калып, коркконунан дал боло түшүп, турган жеринде былкылдабай туруп калды. Уй, кум жактан өтүп, оозу ачык аткананын мандайына барып, башын киргизип алып, мөорөй баштады.

Кайра айланып, кум жакты көздөй жүгүрдү. Мойнунда жиптин үзүгү жүрөт. Кыз менен апасы жакты көздөй чуркады. Кичинекей кыз чыңырып жиберди. Апасы бир чыбык ала калганда, кошунасынын аялы ачык турган дарбазадан кирип келип, уйду көрүп:

-Иий… Биздин уй биякта турбайбы. Кечээ касап келип баласын алып кеткен эле, ошондон бери баласын издеп жүрөт. Байлап койсок, кечээтен бери үч жолу жибин үзүп качып, бизди дагы аркасынан чуркатып убара кылып жатат, деди. Кыздын апасы колуңдагы таякты таштап жиберип:

-Байкуш! Бул дагы баласын издеп жүргөн турбайбы,-деп, уйдун башынан сылап, кошунасына чыгарып берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

17 − три =