Энелер күнүнө мугалимибиз бир үй тапшырмасын берген эле. Апаларыбыздын колдору жөнүндө бир нерселерди жазып, даярдашыбыз керек болчу. Мугалимибиз бул тема жөнүндө көп деле түшүндүргөн жок. Апаларыбыздын мээнеткечтиги, жан аябастыгынан бир аз эле айтып жөн болду. Эки-үч күндөн кийин мугалимибиз, класста үй тапшырмаларыбызды окута баштады. Кезек чогуу окуган бир кызга келди. Ал мындай деп баштаптыр: “Энелерибиздин колдору… Менин апам бир колу менен май сызгырса, экинчи колу менен кучагында дин китебибизди кармап алып, башкасы менен атамдын кийимин жамайт, башкасы менен тамак жасайт. Башкасы менен мен мектепке жөнөп жатканда чачтарымды өрүп берет, башкасы менен… Мугалимибиз күлүп: Ал эмне дегениң, кызым? Башкасы менен… башкасы менен. Сенин апаң кырк аякпы, эмне? Акылга сыйбай турган нерсе бул, туурабы? Шылдындагансып күлө баштадык эле, чогуу окуган кызыбыз тартынбастан туруп, минтип жооп берди: Жок, андай эмес! Эки колу атам үчүн…
Апамдын жети баласы бар. алардын ар бирине эки колдон бөлсөк, он төрт болот. Ашканага, атканага, бакчага экиден кол бөлсөк, алты болот. Жетимдерге эки кол жана дуба кылганга эки кол бөлүп, баарын кошсок, жыйырма алты болот. Ошондо апамдын жыйырма алты колу бар. Мурун күлүп, шылдындаганыбыз үчүн абдан уялдык, ал эми чочуган мугалимибиз болсо, олуттуу, титиреген үнү менен:
-Абдан туура жазыптырсың, кызым деди. Апанды кудай колдоп, жардам кылсын. Эң жакшы үй тапшырмасын сен жазыптырсың. Сага он деген баа койдум, жөнөкөй он эмес жылдыздуу он койдум,деди.