ЧЫНЫБЕК


Бар экен, жок экен, Миңбай менен Жүзбай бар экен. Миңбайдын миң кою, бир
баласы, Жүзбайдын жүз кою, бир баласы бар экен. Миңбайдын баласы бир күнү коюн талаага кайтарып чыгып уктап калса, карышкыр келип койду ээн жайкын эртеден түшкө чейин кырат. Бала болсо ойгонбостон уктап жата берет. Жүзбайдын баласы кой кайтарып жүрүп, Миңбайдын коюн карышкыр кырып жатканын көрүп: «Кудай куураткыр, коюңду карышкыр кырып кетпедиби» деп баланы ойготот.
Миңбайдын баласы тура калып: «Сен жүз коюң менен мага теңелгиң келеби,
менин миң коюм бар, эмне үчүн ойготосуң, эң кызык түш көрүп жаттым эле,
түшүмдү таап бер» деп, Жүзбайдын баласын жаака бир салат. Жүзбайдын баласы карап турсунбу, а да жаака бир салат. Ошентип экөө түштөн урушкан бешимге чейин урушушуп аябай чарчашат. Акырында Жүзбайдын баласы: «Эмне түш көрдүң? Айтчы, каадалуу түшүңдү угайын?» деди. Миңбайдын баласы: «Каадалуу түш дейт тура. Башыма күн тууп, аягыма ай тууп, орто жерине Чолпон жылдыз чоң тууп жатыптыр, бул каадалуу түш эмегенде карышкыр кырган кой каадалуу бекен? — деди.
Жүзбайдын баласы: «Сатасыңбы түшүңдү? деди. Миңбайдын баласы
«сатамын, карышкыр канча коюмду кырса, ошончо кой берип алгын» деп
убадалашты. Жүзбайдын баласы: «Карышкыр канча коюңду кырды экен деп
санаттырса, Миңбайдын баласынан туура жүз коюн кырыптыр. «Жүз коюмду өлтүрүптүр, жүз коюңду бердиңби?» деди. Экөө «алдым, саттым, береке» деп кол алышып, кечинде үйлөрүнө кайтып келишет.
Жүзбайдын баласы эл жата үйүнө барды эле, атасы тура калып «кокуй балам,
коюң кайда?» деди. Баласы: «Атаке түшкө сатып жибердим», деди. Жүзбай: «Ал
эмне болгон түш экен, жүз койдун баарын саттыңбы?» деди. Анда баласы күлүп: «Башыма күн тууп, аягыма Ай тууп, орто жериме Чолпон жылдыз чоң тууган» түшкө саттым, атаке деди. Атасы ордунан тура калып, жеткен жерине келтек менен, жетпеген жеринде тезек менен уруп, баласын кубалап жиберди. «Эгер койду таап келбесең ичиңди жарып, башыңды итке салбасам, Жүзбай атым өчсүн» деп, ачууланып кала берди.
Бала айлап-күндөп жүрүп отурду. Башы ылжыраган таз болду, курсагы ач
болду. Ошондо асманда учуп бараткан каргага кайрылып: «Карга аке, ынтымакка келеличи, бир табактан жешели, ачка өлүп баратам, жардам кылыңыз» деп колун каргага сунду эле, карга: «Ошондой бол, таз балам, коюңа салган чөптөн жейин деп барсам, жата калып таш алып, тура калып баш алып уруучу элең, дагы сага чала болуптур» деп өтүп кетти. Мындан кийин үстүнөн бир көгүчкөн учуп өттү.
Бала буга да кайрылып: «Көгүчкөн аке, ынтымакка келели, бир табактан жешели, ачкадан өлүп баратам, жардам кылыңыз» деп колун сунду. Көгүчкөн: «Ошондой бол, таз балам, кар жаап, борошо урганда корооңдон тамак жейли деп барсак, тузак тартып, ата-энемди, бала чакамды, кармап алгансың, ата-энең: «Кое бер, убал болот» десе «убал болсо кудайым адал кылбай эле койбойбу» деп, шишкебек кылуучу элең, эми мусапыр болдуңбу? деп өтүп кетти.
Канаттуудан айла болбогондон кийин бала «өлсөм дагы адам жетпес дөбөгө
жетип өлөйүн, этимди карга кузгун жесин» деп, илкий басып андан ары жүрүп отурду. Акыркы бутун шилтей албай каруусу калбай калганда дөбөгө келип, башына таяк жазданып, көзү чекчейип, бели бөкчөйүп жатып үлгүрөп уктап кетти. Таң агарып атканда бир адам келип: «Ой бала, тургун, атка мингин, деп мингизип алып жүрүп кетти. Түш болгондо баягы адам артына айланып карап түрү суук бир таз баланын атына минип келе жатканын көрдү да, атып салмак болуп саадагын сууруп алды. Бирок кайра ойлонуп, «буйрук ушул болсо бул бечаранын канына сабын болбоюн» деп кыз сабыр кылып жүрүп отуруп бир тоого келишти.
Эмки сөз кыздын тазга кандайча жолукканы жөнүндө болсун. Кыз өзү
Күлгаакы деген сыйкырчы кемпирдин кызы экен. Ал Сейит чалдын Өмүраалы
деген уулуна качмак болуп убадалашыптыр. Ушу түндө адам жетпес дөбөгө
Өмүраалы келип, кызды алып кетмекчи экен. Жигит ал күнү дөбөгө жетпей
калып, буйрук менен кыз тазга дуушар болду. Кыз таздын башына дары сыйпады эле, жети күндө кундуздай кара чач чыкты. Ошентип Айым сулуу «кудайдын буйругу» деп таз балага тийди. Баланын аты Чыныбек эле.
Күндөрдүн биринде Айым сулуу түш көрүп, эртең менен Чыныбекке айтты:
«Түндө түшүмдө Өмүраалы кырк жигити менен Чыныбекти өлтүрүп, колуктумду таап аламын деп жолго чыгыптыр» деди. Чыныбек: «Андан коркпо, түшүң жакшы түш экен, мен аны өлтүрөт экенмин» деп жаман сары курумшу курчанып жүрүп кетти. Барып Өмүраалынын келе турган жолуна чоң ак үй болуп кубулуп, кырк кулактуу казандын ичинде толтура эт болуп кайнап турду. Аңгыча Өмүраалы кырк жигити менен келип: «Кокуй, куйка таз ушу, тегеректен карсылдатып сабагыла» деди эле, жигиттери: «Таксыр, куйка тазыңыз адамбы?» деп сурашты.
Өмүраалы: «Ооба, адам» деди. Анда жигиттер: «Адам болсо кантип тигилүү үй,
жагылган от, кайнаган эт болуп калсын, жолдогу бышып турган бейиштин
тамагынан жебей кетсек, жолубуз болбойт» деп, түшө калып, кырк кулактан
кармап чыгаралы дегенде казан жарылып кетип, Өмүраалы баштап кырк бир
киши күйүп өлүп калды. Чыныбек таз аларды кандайча айла менен өлтүргөнүн Айым сулууга айтып берди.
Арадан бир жума өтүп, жуманын түнүндө Айым сулуу түш көрүп, эртең менен
тура калып: «Түндө түшүмдө Сейит чал баламды тиргизип, келинимди тапкызып алып, Чыныбекти өлтүрөм деп келе жатыптыр» деди. Чыныбек таз муну угуп, «экинчи үйүн көргүсүз кылайын» деп, курумшу курун курчанып жүрүп кетти.
Барып Сейит чалдын келе турган жолун тосуп, ак тайлак болуп боздоп жүрдү.
Сейит чал көрөрү менен куйка таз экенин билип, кармап алды.
Үйүнө алып барып чөгөрүп коюп, темир казыкты өркөчүнө кагып;
«Келинимди таап бергиң, баламды тирилтип бергиң» деп боздотуп кыйнай
баштады. Куйка таз тайлак болуп муңданып эки көзүнүн жашын мончоктотуп, төгүп ыйлап турганда, Сейит чалдын Ашымкан, Кишимкан деген эки кызы келип:
«Айланайын атаке, адам баласы кантип тайлак болуп жүрсүн, бекер жанын
кыйнабасаңар, бул деле кудайдын бир макулугу турбайбы» дешти.
Сейит чал: «Жок баламдын түбүнө жеткен чунак ушу» деп, ансайын ура
баштады. Таз тайлак андан бетер көзүнүн жашын мончок-мончоктотуп төккөндө, эки кыз: «Атаке, ушу тайлагыңды бизге бериңиз» Ит Ичпестин ала көлүнөн сугаралы, эгер суудан ичсе төө экени, ичпесе адам экени, анык куйка таздын өзү.
Андан кийин эмне кылсаңыз өзүңүз билиңиз, бербесеңиз мойнубузга аркан
салып муунуп өлөбүз» дешип коркутушту. Чал: «Баламдын үстүнө кыздарымдан айрылбайын» деп корккон бойдон бере салды. Эки кыз жетелеп алып, көлдү көздөй жөнөп калды. Тайлак жолдо секирип, ойноп тамаша салды. Кыздар каткырып күлүшүп, кумарга канды. Ошентип, Ит-Ичпестин ала көлүнө жетишип тайлакты сугарайын деди эле таз акең коргошун болуп суунун түбүнө түшүп кетти. Эки кыз тилдерин жебиретип, бойлорун кибиретип, алаканын шак коюп, көчүгүн жерге так коюп, атасына: «Ырас эле куйка таз экен, суунун түбүнө коргошун болуп чөгүп кетти» деп ыйлап барышты. Сейит чал «эчак эле айтпадым беле, чунак кыздар, чуулдап жүрүп ушуну кылмак элеңер, кайсы жерге түшкөнүн көрсөтүп бергиле» деп, эки кызын ээрчитип сууга келди. Суунун баарын ууртап, коргошунду тиштеп алайын дегенде, Чыныбек таз жөргөмүш болуп кубулуп, бир теректин башына жөргөлөп чыгып кетти. Сейит чал жылкычы чымчык болуп жөргөмүштү эми тиштейин дегенде Чыныбек асманга турумтай болуп учуп жылкычы чымчыкты тырпыратып басып, мээсин чукуп өлтүрүп, учуп кетти.
Чыныбек келип, Сейит чалды кантип өлтүргөнүн айтты эле, Айым сулуу кубанып: «Эң жакшы кылыпсың, эми эл-журту бар жерге барып оокат кылалы» деди. Булар жүрүп отуруп, Кара хандын жерине келип, кандын айлынын жанына чөптөн алачык жасап туруп калышат. Бир күнү хан кырк жигитин ээрчитип, куш салууга чыкты. Кушун бир түлкүгө салса албастан айланып учуп, таздын чөп алачыгына барып конуп олтуруп алды. Кан келип: «Ой, үйдө адам болсо, чыгып кушумду алып бергилечи» деди. Айым сулуу тазды карап: «Кан келди, баатыраак чыгып кушун алып берчи» деди. Таз: «Өзүң эле алып бере салбайсыңбы, кан жутуп коймок беле» деп урушуп койду. Айым сулуу кушту алып берейин деп чыга
калганда кан аялдын сулуулугунан эси ооп, аттан кулап түштү. Айым сулуу:
«Ушунчалык кан болуп туруп, киши көрбөгөн экенсиз» деп алтын жоолук менен аттантып, колуна кушун кондуруп узатып жиберди.
Кан Айым сулууну көргөн жерден ашык болуп калат. Айым сулууну кантип
алуунун амалын таппай, бир күнү тазды чакырып алып: «Чыныбек баатыр, сага эп болсо бир тамаша салайын деп жатамын, жалгыз жатып сен да э рсиң, көптөн бери тим жатып мен да эриктим» деди. Чыныбек таз: «Кандай тамашасалсаңыз да мени качат экен деп ойлобоңуз» деди. Кара хан: «Катын сайышып, жашынмак ойнойлу» деди. Таз: «Макул нече күндөн жашыналы, кимден башталсын?» деди. Кан: «Үч күндөй болсун, менден башталсын» деди. Биринчи болуп кан жашынды. Таздын ары-бери күйпөлөңдөп жүгүрүп жүргөнүн Айым сулуу көрүп: «Эмне кылып жүрөсүң?» деди эле, «Канды карап жүрөмүн» деди.
«Кайдан карайсың?», «Кайдан карамак элем, ушулардан карап табамын» деди.
Анда Айым сулуу: «Булардан таба албайсың, ат байлаган сарайда чоң ак эркеч
турат. Ошону сакалынан алып бакылдатып сабасаң, өзү туруп келет» деди.
Чыныбек келип эркечти бакылдатып сабады эле, кан: «Мөөрөй сеники, Чыныбек баатыр» деп тура калды.
Экинчи күнү кан дагы жашынды. Таздын ары-бери карап таба албай жүгүрүп
жүргөнүн Айым сулуу көрүп чакырып алып: «Жардын түбүндөгү теректи өзөгүнө чейин кессең, кан өзү туруп келет» деди. Таз чуркап барып, теректин өзөгүнө чейин кести эле, «мөөрөй сеники, Чыныбек баатыр» деп кан ордунан туруп келди.
Үчүнчү күнү кан дагы жашынды. Айым сулуу таба албай жүргөн күйөөсүн
чакырып: «Эмне кылып жүрөсүң?» деди. Таз: «Канды таба албай жүрөмүн» деди.
Анда Айым сулуу: «Кандын эшигинин алдында өсүп турган жалгыз гүлдү үзүп
алсаң өзү туруп келет» деди. Таз кандын эшигинин алдына барып: «Жалгыз сага
эмне бар?» деп, гүлдү үзүп алды эле, кан: «Таз мөөрөй сеники» деп тура келди.
Кан үч жашынып үчөөнү тең таптырып койгон соң: «Эми бир жашынайын,
меники төрт болсун» деди. Таз макул болду. Кан төртүнчү жолу жашынды.
Таздын дагы ары-бери чуркап жүргөнүн Айым сулуу көрүп: «Эмне кылып
жүрөсүң?» деп сурады эле, таз: «Канды карап жүрөмүн» деди. Айым сулуу:
«Кайдан табасың?» деди. Таз анын эмнесин сурайсың, сарайдагы ак эркечти
сабасам, жардын алдындагы теректи кессем, эшигинин алдына чыккан гүлдү
үзсөм, туруп келбейби» деди. Анда Айым сулуу: «Ай кудай алгыр, кан бүгүн
жакын арада жок. Сасык-Көлдүн аралында кара буура болуп жатат. Он эки четин таякты суусунан кесип алып, ошол жыйырма төрт таягын сынганча сабасаң, кан өзү туруп келет. Болбосо канды алты издесең да таба албайсың» деди. Таз Айым сулуунун айтканындай он эки четин, он эки кайың таяк кыйып алып, аралда
жаткан кара буураны бакылдатып, жыйырма төрт таягы сынганча сабады эле:
«Чыныбек баатыр, мөөрөй сеники» деп ордунан тура келди.
Кан: «Эми Чыныбек баатыр, сен жашын», деди. Таз макул болуп чуркап кетти.
Катыны караса, бир кап менен кементайды көтөрүп чуркап жүрөт. Айым сулуу:
«Эмне кылып жүрөсүң» деди. «Кандан жашынганы жүрөмүн». «Кайда
жашынасың?» — «Кементай жамынып бир жерге жата каламын» деди. Анда
Айым сулуу: «Атаны каран күн ай, бер кел, кууратканы жүргөн турбайсыңбы», деп чакырып алып, оймок кылып сөөмөйүнө салып, таздын көрпөчөсүн кайып отуруп алды. Кан ары карап, бери карап таба албай айласы кетип акырында: «Мөөрөй
сеники, бери кел» деп чакырды. Анда Чыныбек: «Каным, канткенде мунун сулуу катынын алам деп, жүрүп көзүңүз боз ала болуп калган экен го? Мен ушу жерде катынымдын жанында отурсам көрбөйсүз» деп ордунан тура калды. Экинчи күнү жашынганда Айым сулуу тазды колундагы ийне сапталган жиптин учундагы түйүнгө кошо түйүп жашырды. Кан ары-бери карап таба албай айласы куруп:
«Чыныбек баатыр мөөрөй сеники» деп чакырды. Таз: «Мен катынымдын
жанында отурсам, мени көрбөйсүз» деп тура калды. Үчүнчү күнү жашырганда,
Айым сулуу тазды ийне кылып жакасына сайып алды. Кан ары-бери таба албай, айласы кетип: «Мөөрөй сеники, Чыныбек баатыр кел» деди. Таз дагы: «Мен катыным менен кучакташып олтурсам көрбөйсүз» деп ордунан тура калды.
Ошентип кан жеңилип, катынын уттуруп ага ичи күйүп, бирок кандыгына салып, бербей койду.
Кан Айым сулууда бир керемет бар экенин билип дагы бир да ашык отко
күйүп чыдабай, эли-журтун жыйнап: «Ким ушу таздын катынын алып берет?» деп жарлык кылды. Ошондо оозунда тиши жок алтымыш жаштагы бир мастан кемпир: «Таксыр каным, мени он бештеги балага алып берсең, мен сени Айым сулууга жеткиземин» деди. Кан: «Кандай кылып алып бересиң?» деди. Анда кемпир: «Аны Ит Ичпестин ала көлүнөн суу алып кел, хан ооруп калды, ошол дары экен, үч күндөн калбай келгин, үч күндөн кала турган болсоң, катының кандыкы дейбиз. Ал сууга бара турган болсо, үч күн эмес, үч жылда да келбейт» деди.
Кан макул болуп, тазды чакырып алып, колуна бир көнөк берип «Ит Ичпестин
ала көлүнөн ушуну менен бир суу алып кел, үч күндөн калба, үч күндөн калсаң, катының меники болот» деп буюрду. Таз макул болуп, көнөктү алып чуркап бара жатканын Айым сулуу көрүп: «Кайда барасың» деди. Таз: «Каным катуу келди, кара жаным таттуу келди, Ит Ичпестин ала көлүнөн канга суу алып келейин» деди. Айым сулуу: «Качан кел деди?» деп сурады. Таз: «Үч күндөн калбагын» деди,
деп жооп берди. Айым сулуу «Үч күнгө чейин көнөккө толтура малдын заарын
жыйып, анан канга алып баргын да, «Ит Ичпестин ала көлү жылжып агып, суусу сары болот экен деп айт» деди. Таз Айымдын айтканын жасап, үч күндөн кийин көнөктү канга алып барды да: «Ит Ичпесин ала көлү жылжып агып суусу сары болот экен, таксыр» деди. Кан Ит Ичпестин ала көлүнүн суусу» деп ичип, соо жанын оору кылып алды. Ошентип төшөктө жатып кан калкына жарлык салды:
«Ким таздын катынын алып берет, алып берген адамды эмне тилесе тилегине
жеткиземин» деди. Анда бир чал: «Каным, мага он бештеги кызды алып берсең, мен алып беремин» деди. Кан: «Кандай кылып алып бересиң? Эгерде
айтканымды орундатсаң, сенин каалаганыңды аткарам, сөзүм эки эмес» деди.
Чал: «Чыныбекти жаян балыкка жиберели, балыктын кабыргасын алтын уук
кылып, бир жак ыптасын сөгүп жети күндө кел, жети күндө келбесең, катының кандыкы болот дейбиз. Ал жаян балыкка барса, жети күндө эмес, жети жылда да жетпейт. Жетсе да жаян балык жутуп коёт» деди.
Кан тазды чакырып алып: «Жаян балыктын бир жак өңүрүн сөгүп кел, жети
күндөн калбагын, жети күндөн калсаң, катының биздики болот» деди. Таз бул
сөздү катынына барып айтты эле, Айым сулуу тору атты, чолок кара кылычты,
алтын коңгуроону, алтын шакекти Чыныбекке берип, асман менен учуруп жиберди. Ал учуп отуруп жети күндө жетти. Жаян балык кудай жалгап суунун
түбүндө ойноп жүргөн экен. Ошондо Тору тулпарга тил бүтүп: «Мен, жаян балык, аксак атыңды ал» деп чакырайын, чыгып келгенде башын кылыч менен жара чап» деди. Таз макул болуп, кылычты кынынан чыгарса, жети кулач болуп узарды. Аңгыча Тору ат: «Жаян балык, аксак тору атыңды ал» деп күңгүрөндү.
Жаян балык тору атымды аламын» деп чыгып келе жатканда таз кылыч менен башын жара чапты. Тору тулпар балыкты алып чыкмак болуп сууга кирип кетти.
Бир топтоп кийин балыкты желкеден тиштеп суудан тышка алып чыгып, өзү
сулк жатып калды. Таздын айласы кетип, ары чуркап, ыйлап, бери чуркап ыйлап, бир убакта бир колтук бетеге жулуп келип, аттын оозуна тыгып олтурса, тору тулпар жаныбар ыргып тура калып, «Ат кадырын билбеген куйка таз, жети күндүн ичинде асмандан учуп, келип жана да жаян балыкты тоодой кылып суудан чыгарып отурсам, ачка болгондур, жаныбар» деп бир тутам чөп, бир ууртам суу бербестен; балыктын бир жак ыптасын сөгөсүң. Өлгөн бойдон кайра тирилбеймин дедим эле, бу да болсо Айым сулуунун кадыры» деп чөптү жеп,
сууну ичти. Тору ат антип-минтип тойгончо таз балыкты союп бир ыптасын
тулпарга кырк бүктөп салып, асман менен учуп, жети күндө кайта келип түштү.
Таздын кеткени жети күндөн ашкандан кийин кан Айым сулууну аламын деп,
калкын жыйнап, нике кыймакчы болуп жатканда, Айым сулуу жети катар темир үй болуп жатып калган эле. Кандын айласы кетип, атып да, кесип да ала албай, акыры от менен чыгар деп тегерете карагайды үйүп темирди ысытты. Таздын келген убагында жети катар үйдүн алты кабаты күйүп, жетинчиси ысый баштаган экен. Аңгыча алтын коңгуроонун үнү чыгып калат. Айым сулуу таздын келгенин билип, сыйкырын жандырды эле, темир үй да жок, от да жок болуп, катын таз менен бирге отуруп калды.
Кан таздын катынын кандай кылып алууну билбей жинди болуп кала
жаздады. Дагы акыл сурап, калкка жар салса, анда бирөө: «Ушу жакта көчүгү
күмүш, башы алтын элик бар, ошону алып кел деп жиберсек, кудай албаса да
өлөт, жолдо ажыдаарлар көп» деди. Чыныбек таздын катыны алардын сөзүн
керемети менен билип, эрин чакырып: «Кан сени көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын эликти алып кел деп жумшайт. Канча күндө келесиң десе, «күнү-түнү он күндө келейин дегин, ат алсаң, жылкынын артына сүйрөлгөн бир кунан бар, ошону ал» деди. Аңгыча кандын жигити келип, Чыныбек баатырды алып кетти. Чыныбек баатыр үстүнө кирер менен кан ага: «Ушу жакта көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын элик бар экен, ошону алып келгин, сенден башка жароочу киши жок, канча күндө келесиң?» деп сурады. Чыныбек баатыр: «Күнү-түнү он күндө келемин» деди. Кан:
«ат алгын» деди. Чыныбек баатыр баягы жылкынын артында сүйрөлгөн жаман кунанды алып, катынына жетелеп келди. Ал жүдөө көрүнгөнү менен тулпар эле.
Айым сулуу багып, тулпар алына келтирди да: «Тулпарды минип жолго чык,
кечкисин барып эс алгың да, эртең менен мойнуңа куруңду салып, элик жуушап жаткан чынар теректин түбүнө бар. Бул арканды үч тегеретип ыргытып, кайра чуу койгуң, элик болсо артыңдан кошо жөнөйт» деди. Баатыр тулпарын минип закымдап жүрүп отурат. Нечен ажыдаарлар тулпардын туягын чагып өттү, бирок тулпар былк этпеди. Кечкисин түнөп, эртеси эликке барса, ал чынар теректин түбүндө жаткан экен. Чыныбек Айым сулуунун айтканын жасап, арканын үч тегеретип, кайрадан чуу койду. Аңгыча элик барпаңдап артынан кошо жөнөдү.
Чыныбек үйүнө келерине бир күн, бир түн калганда Айым сулууга кандын вазири келип: «Жүрүңүз, баатырдын ашын берели» деди. Айым сулуу: «Бара бериңиз эртең келбесе, өзүм барамын» деди. Эртеси Чыныбек эликти алып келип берди эле, кан эми эмне кыларын билбей калды.
Ошондо кандын бир вазири: «Сиз оорумуш болуп калыңыз, Чыныбек
баатырды Күлгаакынын гүлүн алып келүүгө жиберели, анда барса кудай албаса да өлөт» деди. Айым сулуу муну керемети менен билди да күйөөсүн чакырып: «Каныңыз оорумуш болуп жатат, сени «Күлгаакынын гүлү дары» деп ошого жиберет. Сен «барбаймын» дебегин «барамын дегин» деди. Аңгыча кандын жигити келип Чыныбекти алып кетти.
Барса кан ооруп төшөктө жатыптыр: «Мен ооруп калдым. Бул ооруга
Күлгаакынын гүлү дары дейт, ошону барып алып келгиң, сенден башка жарай
турган жигит жок, экен» деди эле, Чыныбек макул деп, баягы Тору тулпарды
алып, үйүнө келди. Эртеси Айым сулуу кат жазып чөнтөгүнө салып берди да:
«Нечен күн, нечен түн жүрүп отурганда жар боорунан бир жарты
алачык көрүнөт. Анда бир кемпир жашайт. Кирип салам бер, ал сага туякка айран куюп берет. Оң колуң менен айранды алгың да, сол колуң менен катты алып бер» деди. Чыныбек баатыр макул деп жүрүп кетет. Жүрүп отуруп баягы жарты алачыкка келсе, бир кемпир туякка айран куюп берди. Айранды оң колу менен алып, сол колу менен катты сунду эле, кемпир катты окуп: «Айымдын айтканын бербеске ылаажым жок. Сенин албаска ылаажың жок экен, күндүн танабын тартып, азыр үч кызымды чакырамын, сен кудуктун жанына жашынып жаткың.
Аңгыча үч кызым үч көгүчкөн болуп учуп келет, кичүүсү бардыгынан кийин
келет, ошол кичүүсүнүн кийимин катып алып «тиемин» деп убадасын
бермейинче түк бербегин» деди. Бир убакта кемпир күндүн танабын тартты эле, айтканындай үч көгүчкөн учуп келди. Кичүүсү кийин келди. Ошондо жашынып жаткан Чыныбек кичүүсүнүн киймин катып алып, канчалык жалынса да бербей:
«Мага тийсең беремин, тийбесең бербеймин» деди. Акыры кыз «тиемин» деп
убадасын бергенде кемпир келди да, төрт шакекти төрт жагына ыргытып
жиберди эле, тиги жактан дале, бу жактан дале «той болот экен» чуулдашып
кишилер келе башташты. Кемпир чоң той жасап, Күлгаакынын гүлүн берип,
Чыныбек менен кызын узатты. Орто жолго келгенде кыз: «Жүрү кайра баралы,
энемдин баягы төрт шакегин албай; мен кетпеймин деймин, сен да алмайынча кетпейбиз деп жатып ал. Айласы куруганда шакегин берет» деди. Ошентип кайра үйүнө келишти.
Кыз энесине: «Шакегиңди бермейинче, барбаймын» деди. Баатыр да:
«Алмайынча кетпеймин» деди. Кемпир ары карап ыйлап, бери карап күлүп
кыйылып туруп төрт шакегин берди. Экөө шакекти алып жүрүп кетишти.
Чыныбек үйүнө жетерге бир күн калганда кандын вазири Айым сулууга келип: «Жүрүңүз баатырдын ашын берели» деди.
Анда баатырдын катыны: «Эртең келбесе, өзүм барып беремин» деди. Ошол
күндүн эртеси колуктусун алып, баатыр келип калды. Кийинки күнү гүлдү алып барып, сууга чайкап канга берди эле, кан ичкен болуп, айыгып кетти. Бирок таздын сулуу колуктусун көрүп, андан бетер эси кетип, оорусу чынга айланды.
Чыныбек баягы төрт шакекти төрт бурчка ыргытты эле, баягыдай кишилер
чогулуп келе башташты. Аларды көрүп кандын тынчы кетип: «Бул эмне деген
кишилериң, шаарды алабыз деп келгенби?» деди. Анда Чыныбек баатыр: «Элиңе эл, журтуңа журт кошомун, залал болбос» деди. Кан сөзгө жыгылып калды. Бирок «таздын катындарын кантип аламын» деп вазирине акыл салды. Анда вазир: «Сен өлгөн атамдан кат алып келгиң деп жибер, андан кудай албаса да өлөт» деди. Муну баатырдын катыны дагы керемети менен билип, эрине айтты: «Кан өлгөн атамдан кат алып келгин деп жумшайт. Сен барбаймын дебегин, барамын дегин» деди. Ошол чакта кандын вазири келип Чыныбекти алып кетти. «Атам бейиште бекен же кейиште бекен, барып кабарын билип келгин, кат алып келгин» деди. г Чыныбек макул болду. «Канча күндө келесиң?» деди.
«Күнү-түнү он күндө келемин» деди да, бир дөңгөч он аркан даярдатып, алып
кайта үйүнө келди. Катыны өзүндөй кылып Чыныбектин сүрөтүн тартып,
дөңгөчкө байлап караңгыда аркан менен учуруп жиберди да, күнү бүткөнчө
күйөөсүн катып койду. Тогуз күн болгондо кандын вазири келип: «Жүрүңүз
Чыныбек баатырдын ашын берели» деди. Анда таздын катыны: «Эртең келбесе өзүм барамын» деди. Вазир кеткенден кийин Чыныбектин катыны кандын атасынын атынан: «Балам мен бейиштемин келип көрүп кеткиң» деп кат жазып, даярдап койду. Эртеси баатыр жазылган катты алып барып канга берди.
Кан катты окуп ыйлап: «Менин атам келип кет дептир Чыныбек мени да
өзүңдөй кылып учургун» деп кыйнады. Чыныбек өчүн алгыдай кылып, элинен кыл аркан жыйып, канды кабыргасынан кан тамганча таңып, тоонун боорунан ылдый карай тоголотуп учуруп жиберди. Бир эки күн өткөн соң, Чыныбек баатыр кандын аялына барып: «Жүрүңүз кандын ашын берели» деди. Аялы Чыныбек баатырдын Айым сулуусун туурап: «Эртең келбесе, өзүм барып беремин» деди.
Кан тоодон учуп коктуга түшүп өлгөн соң, элине кайтпады. Чыныбек ханга аш
берип, катынын алып, анын ордуна кан болуп, эл сурап туруп калды. Эли журтун жыйып, баягы Жүзбай атасынын алдына барып: «Ата, башыма күн, аягыма Ай, орто жериме Чолпон жылдыз чоң тууган түшүм ушул го» деди. Атасы кубанып аябай ыраазы болду. Бала ата-энеси, катындары менен ошол күндөн ушул күнгө чейин жыргап-куунап жатышкан экен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

двадцать − 12 =