ЧОҢ КОЙЧУ

Адырдын жазы не деген керемет?! Агала таңга аралаш шыбак менен таананын нарынан не бир ажайып жытка бөлөнүп чыга келүчү бүктөм- бүктөм боз адыр не бир кербез тартып, мелмилдеп жаткан айдыңына кыял эритер сулуулук тунуп, асман мөпмөлтүр тартып көөпкөк! Ошо жан жадыратар таң менен тоо ылдый жан сергитер желаргы лепилдейт! Алыскы көк жээктен чыга келген күн нурунан бу жарыкчылыкка жапжашыл кут төгүлгөндөй! Көктөм!
Тобосүндогү асман өңдүү көпкөк тартып мемиреп жаткан көл кылаасындагы чакан айылдын дарактары небак бүчүр жарып, үлпүлдөй соккон көл желине “жашыл алаканын” шатыратып чаба баштаган. Табияттын ушундай керим келбети адам көңүлүн кулундай туйлатып, бу жарыкчылыкка болгон сүйүнүчүн, кумарын арттырат. Күндүн көтөрүлүшү менен кубулжуй кеткен талаа-түздогү боз торгой үнү бул адеми сезимди ого бетер асылдантып ийет!
Дал ошол чакан айылдан адыр белиндеги кашарды көздөй бир калдаң кулак бала жөө-жалаң келатты. Анда-санда кыңылдап ырдап коёт. Каректеринде сагыныч! Бармактайынан мал менен чоңойгон ананайындын өз дүйнөсүнө — тоого болгон сагынычы!
— Таштан тура!— Апасы алыстан бүлбүлдогөн караандын өңү-түсүн корбөсо деле баласы экенин жүрогү менен сезип, жалбара кетти. Анан боз үйдүн түбүндогү кемегеге чай когоуга киришти.
Кулакчыны шалпылдаган эски кара тумагын оң колуна кармап, үстүндөгү кичинекей купайкесин чечип сол колтугуна кысып алган. Жылдыздуу маңдайынан майда тер чыбырчыктап, саамайы ылдый ээгине тоголонуп, анын бул кашарга итабар зоругуп жеткенинен кабар берет. Бирок анын көздөрүнөн чаалыгуунун издери дегеле байкалбайт, каректеринде чексиз кубаныч! Ак селделүү тоого көктөй баштаган боз адырга, бирин-серин ак чекит булут калкыган көкмолтүр асманга, тегерегинде кой-козусу бытырай жайылган аппак кашарга элдирей тиктейт!
Ал келгенде кашардагылар өз иштери менен алек болуп аткан. Бири астаркелерин тазалап жүрсө, бири аштоолоруна жем салып, бири айылдан жаңы эле келген машинеден чөп түшүрүп атса, бири кашардын алдындагы кудуктан кой сугарып, айтор чабандын баласынын келгенин
көпчүлүгү байкабай калган эле. А бирок да Таштан түйшүккө белчесинен малынган сакмалчылардын кимиси эмне менен алек болуп атканын жаземдебей байкады. Купайкеси менен тумагын үйдүн түбүндө жаткан ээр-токумдун үстүно таштады да, үйгө кирип, жаңы эмгектей баштаган карындашын шырдак үстүнөн көтөрүп ала коюп, эки бетинен эки өөп, ошол учурда биринчи класста окуган агасынын демалышка келгенин апасынан угуп, үйго энтендей кирген инилерин элжирей тиктеп, бирине мукур кара карандашын, бирине кызыл очүргүчүн белек кыла кетти. Анан чыгданды ачып, жашыл мискейдеги жуураттан чон аякка куюп, ага бир аз суу кошуп, эки тынып ичип болду да, шашыла сыртка чыкты. Кийин береги силос салынган аштоолорго жабалактап аткан койлордун арасында жүргон кок эшегин кармаш үчүн тызылдап жонодү.
— О-о, чон. койчу келген тура!—деди сакмалчылардын бири аны эркелете тиктеп.
Бала ансайын эдиреңдеп, койдун арасында силос жеп жүргон эшегинин тыяк-быягынан чыгып тосмолоп атып тез эле кармады да, башына жүгөн катып, аштоого тартып минип, кыдындатып боз үйдүн түбүно келди. Байлады. Ошо арада кашардан жаңы туулган козуларга сан басып болгон атасы да чыга келди…
— Тамак ичтиңби?
— Ичтим.
— Анда жайыттагы биринчи сакмалды карай тур. Качкынды кашарга жибер, мен жакага барып келейин…
Бала атасынан ушуну күтүп тургансып, ансыз да жагытты сагынып калган жаны ичинен кудуңдап, тумагы менен купайкесин кийип, тээ тогуз булактын оозундагы түздо чачырап жаткан кой-козуларга бет алды. Эшеги кашардан узай бере кашаңдыгы кармап, үстүндогү кичинекей чабендести тоотпогондой, моюн толгой баштады эле, такымына эки-үч жолу шапалак тийгенден кийин кыдындап жөнодү. Баланын көөдөнүнөн ыр чыкты: “А-асыл бир тукум минге-ни-им…”
Көкмөлтүр асманда ак шөкүлө булуттар көбөйө баштады.
Өгүнү торт күнү тынбай жааган чон, жаандан кийин күн бир жума бою шаңкайып тургандыктан адыр дур-р эте коктоп сала берген эле. Кой-козулар оттуу жайыттан козголор эмес…
Качкын байкеси кашарга кеткенден кийин, бала эшегин жылгача өндөнгөн кок жашан, жерге тушап коюп, таманы кумдуу сайда топ-тобу менен ары-бери дүрбөп чуркап жүргөн козулар менен жарышып ойной баштады. Мындан жарым ай мурда устара менен алынган чачы азыр чымчым өсүп калган экен, дал ошо чачы ылдый мончок-мончок тер шорголоп, жузу манаттай кызарып, не бир жыргалга батып, кой кайтарып жургонун мулдо унутуп, телтен-телтен секирген козулар менен аралашып журду…
Булут төшун “күр-р-шар-р” эткен чагылган тилип отту.
Бала ошондо гана эдирейип, мурдун шуу тартып, алиги кун чубагына магдырап, жазгы дидар жерге сыланып-сыйпанып турган жашыл адыр эмес, учу-кыйырсыз айдыңдын дене чыйрыктырган коңур жел эшкен, тобосундо ту-норгон оор булут калкыган талаа-тузду корду. Аңгыча чагылган жана да асманды калдыр-шалдыр түшүрө контөрүп өткөнсүду. Бала эшегин көздөй жүгүрдү. Адыр бетине чачырап кеткен кой-козуларды жыйноого киришти. Бирок эшеги “куулугун” кайра карматып, үстүндөгү кичинекей чабендести анча тоотпой, кашаңдана баштады. Ошондо баланын шапалагы жана да шилтенди. Эшеги кыдындап бергени менен балага ал ото эле жай бараткан-дай туюлуп туруп алды. Ошондо бала эшегине жини келип, аны дагы бир аз жемелеп алды да, секирип түшүп, эшекти жоон сөңгөктүү чекендеге байлап, калай шалдырактарын шалдырата суйроп; “Кайры-ы! Чо-ойт!…” — деп ышкырып, туш келди жайылып кеткен койлорду коздой безеленип баратты.
Адыр бири-биринен адашып калган кой-козулардын маараганына толуп чыкты. Таштан аларды те кыйладан сон гана уйуруп келди. Ошо тапта асмандан кукумдонуп бирин-серин тамчы элене баштады. Бала ээрдин үстунө айкара жабылган бойдон калган купайкесин эстеди. “Суу бололекте” жетип алмакчы болду да, эшеги байланган жакты карады. А эшеги көрүнбөйт, жок. Эми ошоякты коздой тызылдады. Эшеги байлануу турган чекендесин эбак үзүп алып, тээ төмөнкү сайчада оттоп жүрүптүр. Эми бала ошоякка чуркады.
Өөдөтөн калдаңдап келаткан караанды корору менен эле эшеги кашарды коздой качып жоноду.
— Дыр-р-р! По-по!..— деп кыйкырды Таштан арттан. Бирок “куу” адаттагысындай эле “куулугун” . карматып, караандатпай кетти.
Купайкеси эшек оюн салып кеткенде түшүп калган экен, алып кийди. Анан буту-бутуна тийбей, кичинекей чабендестин шапалагынан кутулуп бараткан “куу” эшегине:
— Сени элеби! Сени!..— деп, кичинекей муштумун түйүп, башынан өөдө көтөрүп, жинденип койду.
Асман дагы да “күр-р-шар-р” түштү. Чагылган кок бетин бербей каптаган булуттун боорун жана да тиле-тиле чапты. Ошондон жел тып басылып, көлөкөлөнгөн өрөөк мемирей түштү да, кичинекей тоголок момпосуйдай болгон мөндүрлөр дыбырай баштады. Бала аны көрүп кубана кетти. Ошо тапта безген бойдон кашардын кежигесине жетип калган “куу” эшегине дагы да туталана, кичинекей муштумун түйүп, башынан өөдө көтөрдү.
— Сени элеби, сени!
Анан, качкан эшеги да, береги түздө бир ууч болуп топтошуп турган кой-козусу да эсинен чыгып, жер бетине дабырап түшүп аткан мөндүрлөрдү терип жей кетти… Ал ошо саатта ото бактылуу эле!..
Айлана коктом менен мондур жыттанып турду…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

18 − 6 =