АКАЦИЯ ДАРАГЫ

Шаардын четинде чоң, бийик бир имарат бар эле. Шаарга кирип баратканда биринчи эле ал көзгө учурайт эле. Ал жер балдар ооруканасы болчу. Кичинекей Фритз дагы, кыштын ортосунда ооруп калып, ошол ооруканага жаткырылган. Аны шайыр, күлүмсүрөгөн, сары чачтуу бир медсестра карачу. Кыз бир күн эжесине кайрылып, муңайым мындай деп суроо берет: Бермет эжеке, ушунча айдан бери ооруканада жатам, качан айыгам? Доктур эжеке, терезеден жалбырактары түшкөн, жылаңач, куруган бутактары бакчанын дубалына ийилген акация дарагын көрсөтүп: Сүйүктүү Фатима, тигил жерде турган акация дарагын көрдүңбү? Ошол дарак кайра гүлдөп, жапжашыл болгоңдо, сен дагы жакшы болуп кетесиң,-дейт. Ошол күндөн кийин кичинекей Фатима күндө акация дарагын карап, дарактын жалбырак байлашын чыдамсыздык менен күтө баштады.

Аңгыча кыш да өттү. Фатиманы караган эжеси башка ооруканага которулуп кетип, ага башка бирөө карай баштады. Жайкалган жапжашыл жаз келди. Ар тарап гүлгө курчалып, жалгыз гана акация багы гүлдөбөй, солуп тура берди. Фатима катуу үшкүрүнүп: Мария эжеке, акация такыр гүлдөбөйбү? десе, Мария акациянын кышка жакын гүлдөөрүн билбегенинен, бакты карап: Акация солуп калган окшойт, эми такыр гүлдөбөйт, дейт. Кичинекей Фатима муну укканда коркуп чочуп кетип: Андай болсо мен да такыр айыга албайт турбайымбы. Өлүп калам го… деп боздоп ыйлап, терезеге сыртын салып жатты. Терезени такыр көргүсү келбей калды.

Бак гүлдөбөсө, Фатима такыр айыкпай өлөт эле, кыздын ою боюнча. Мария эжеке Фатиманын бул кылыгын түшүнө албай, оорукананын доктуруна болгондорду айтып: Фатиманын көздөрү ооруйт окшойт. Терезеден качып, эшикке такыр чыккысы келбейт, дейт. Доктур: Мейли анда. Фатиманын терезесинин астына бир паравон кагып коёлу дешип, терезесине паравон коюп коюшат. Мындан кийин Фатима эшикти да, акация дарагын да көрбөс болду. Арадан бир канча апта өткөндөн кийин кышында суук тийип ооруп калган балдардын бардыгы айыгып, ооруканадан чыгышты. Фатима эле айыкпай, ооруканада калды.

Фатима кеч киргенде жуураканга башын катып алып, ычкыра-ычкыра ыйлаганын медсестра көрүп: Туруп кичине ары-бери басып, таза абага чыгып көрбөйсүңбү? десе, ал: Жок, жок чыкпайм деп, бир нерседен коркконсуп жооп берет. Чыкканга алым жок. Эшикке чыксам, өлүп каламбы деп коркуп жатам дейт. Доктур бир күнү медсестрага: Фатима ушул убакытка чейин айыгышы керек эле. Эмнеге айыкпай жатат, такыр түшүнө албайм. Баланы бүгүн терезенин жанына алып келиңизчи, дагы бир жолу жакшылап карап көрөйүн,-дейт. Фатима терезеге такыр жакындагысы келбей, соолуган бакты көргөндөн коркуп жатты.

Медсестра арандан зорго кызды көтөрүп, терезенин жанына алып келет. Фатима көздөрүн катуу жуумп алган эле. Көзүндү ач, деп доктур өтүнөт. Фатима каалабастан көзүн кичине ачат. Көздөрү өлүм коркунучу менен түз эле акация багын карайт. Караса, акация багы гүлдөп, жапжашыл жалбырактарга оролуп калыптыр. Фатима күндүн нуруна ийилген бактын бутактарынын арасынан көпкөк асманды көрүп, сүйүнгөнүнөн кубанчы койнуна батпай: Акация гүлдөп калыптыр, эми мен дагы айыгам. Бермет эжем мага ошентип айткан. Доктур менен медсестра кичинекей кыздын кубанычын түшүнө алышкан жок.

Фатима ошол күндөн кийин терезенин түбүнөн такыр кетпей, бактын сулуулугуна тоё албай, сагынычтуу суктанып карап турчу болду. Көп күн өтпөй, Фатима айыгып, акация багынын аддында достору менен ойноп калды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пять + один =