БООРУКЕР АЯЛ

Ал жылы укмуштай кыш болгон, айлананын бардыгы муз болуп, тоңуп калган эле. Шаарчадагы эл чоң шаан-шөкөт уюштурушту. Тоңуп, музга айланган көлдүн үстүнө чатырлар тигилди. Шаарчадагы эл кары-жашына карабастан, баары көлдүн үстүнө чогулушту. Кээ бири чана тепсе, кээси лыжа тебишип, чатырлардан музыка жана ыр-күлкү угулуп жатты. Жаштар жыргап секирип ойношуп, ал эми карылар болсо, тегерегиндеги шаан-шөкөткө суктанышып, дасторкондун тегерегинде отурушту. Күн батып калган эле. Тоолордун тээ чокуларынын аркасынан сүйкүмдүү ай акырындап көтөрүлө баштады. Шаарчада жалгыз гана бир аял калган эле. Оорунун айынан, буттарын кыймылдата албай төшөктө жатчу. Көлдүн жээгиндеги кичинекей үйүнүн терезесинен тоңуп, муз болуп калган көлдө болуп жаткан шаан-шөкөттү карап отурган. Күн батаарда батыштан кичинекей, бир ак булуттун пайда болушун көрөт. Булут акырындап горизонтко жакындап тиейин деп калган болот. Байкуш аял абдан чочуп, коркуп кетти. Эмнегедир жаш күндөрүн элестете түштү. Себеби жаңы үйлөнгөндө, күйөөсү менен сейилдеп жүрүшсө, так ушундай муз болуп калган көлдүн үстүндө бир булут пайда болгоңдо, коркуп качышкан эле.

Көп өтпөй эле куюн болуп, көлдүн үстүндөгү муздарды талкалап кеткен. Кайрадан ошондой боло турганын болжолдогон аял эси чыкты. Бир саатка жетпей куюн башталып, муз жарылып, баары өлөт, деген ой келип, болушунча кыйкыра баштайт. Бирок аны ким укмак эле. Үйүндө башка эч ким жок болчу. Кошуналарынын баары ойноп-күлүп эс алганы муздун үстүнө кетишкен болчу. Булут убакыт өткөн сайын чоңоюп, карара баштады. Мештин жанына жакындап, мештеги жалындап турган отту тутаңдырып жиберди. Анан эптеп жөрмөлөп эшикке чыкты. Кичинекей үйү бир заматта өрттөнүп кетти. Муздун үстүңдөгүлөр узактагы өрттүн жалындарын байкап калышты. Кимдин үйүнүн күйүп жатканын дароо эле билишип, буту оорулуу аялды куткарыш үчүн үйдү көздөй чуркап жөнөштү. Катуу шамал башталып, асман капкапкара булуттар менен капталды. Муз жарылып, титирей баштады. Эң акырында эң улуу карыя жээкке жеткенде асман айрылып кетчүдөй болду. Абдан катуу куюн башталды. Көздү ачып-жумгучакты көлдү дөөдөй болгон толкундар каптап кетти. Бирок эч кимге эч нерсе болгон жок. Ошентип, оорукчан аял болгон нерсесин өрттөп жиберип, шаарчадагы элди өлүмдөн сактап калган экен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

8 − 6 =