Жайдын толугу. Чөп чабык маалы жакындап калган. Арсен торпогун аркы сайга айдап коюп, кайра кыр менен ойноп келаткан.
Айыл үстүндө эски тегирмен боло турган. Ал урунуудан эбак эле калгандыктан, чалдыбары чыгып, кимдир бирөөлөр каалга, терезелерин, жада калса, капталдарындагы жыгачтарын да чыгарып кеткендиктен аңырайып жатат. Аны канаттуулар түнөк кылганы качан?
Арсен ошо тушка жеткенде эски тегирмен айланасында чакчалекей түшүп жаткан чабалекейлерге көзү түштү. Алардын бирөөлөрдөн жардам сурагандай аянычтуу чырылдап атышы анын оюн бөлдү. Тегирменге чукулдай бере, ал тегирмен ичине улам учуп кирип, учуп чыгып аткан жалгыз чабалекейге таңкалды. Ал чабалекей коп отпой кайдадыр жок болду.
Аңгыча нарытадан келаткан Үсөн жете келди.
— Ой, бул чабалекейлерге бүгүн эмне болгон?—деди -ал да таңдана.
— Билбейм…
Экоо тегирмендин оозуна жете бергенде гана андан жылып чыгып келаткан зор жыланды көрүштү. Балдардын үрөйлөрү уча чочугандан кыйкырып ийишти да, кетенчиктей түшүштү. Жылан да аларды коро сала, тегирменден чыгып кетпей, ошо босого ченге ийрилип калды. Ача тили соймондоп, мойнун артка кержейте, эч ирмелбеген сүрдүү көздөрү менен балдарды теше тиктеди. Оозунун тегереги кызылала…
— Бул бирдеңке жеген экен…
— Эмне жеди экен?
Балдар эми жыланды олтүрмокко таш издей баштаган кезде, тегирмендин жанында кайкып учкан алиги жалгыз чабалекей кайра пайда болду. Ал тиги жыландан эч коркпостон, жыланга эки кадамдай жетпей конду. Ошо тапта, чабалекейден чоңдугу бармак башындай, кумурска бел, буттары тарбайган бир кичинекей жандык болүнүп чыкты да, жыланды беттеди. Корсо, аны чабалекей кичинекей текоорүно мыкчый келген экен. Жылан да аны су-гунмакка оозун ачып, кышылдап, озуно жакындап келаткан кичинекей жандыкты коздой козголду. Ошо учурда, алиги кичинекей жандык да жыланга бетме-бет келип токтоду. Айлана жымжырт боло калды. Жылан ача тилин соймондотуп, кичинекей жандыкка мойнун созо берген кезде, кичинекей жандык жыланга атылды. Жылан ошо замат жаны кейигендей ышкырып жиберди да, ошо жерде коломочтонуп, куйругун жерге чаап-чаап, не бир заардуу ышкырынып, пружинадай тоголоктошту, анан бет келди сойлоду. Ана, ал сойлоп баратып бир ташка урунду, андан бурулуп башка жакка сойлоп, бир түркүкко кептелди, андан бурулуп дүмүрго туш болду…
Чабалекей кубангандай ордунан “чырр” которүлүп, четке барып конду. А алиги кичинекей жандык тарбаландай басып, эски тегирмендин боору менен оодо жорголоп баратты.
Балдар, карайланган жыланга чукул келишкенде гана жыландын коздорү тостоюп, сыртка чыга түшконүн корүштү.
— Ой, эмне кылып жүросүңор бул жерде?
Балдар селт эте, жакын келип калган Самтыр карыяны керүштү да, ага болгонун болгондой, шашкалактап айта башташты.
— Ошол кичинекей жандык кана? — деп сурады карыя аягында.
— Тигине! — Балдар тегирмендин боору менен оодо жорголоп бараткан “баатырды” корсотүштү.
— Оо, бул чатыраш турбайбы!—деди карыя кубана. — Ал чабалекейлердин чыныгы досу, жыландан коргоочусу! Анын буту тийген жер соо калбайт…
Козу кор болгон жылан туш келди сойлоп улам бир ташка, кесекке уруна берди.
Карыя менен балдар тегирменге киргенде, шыптан жерге кулап түшкен чабалекейдин уясын керүштү. Алиги жылан тегирмендин түркүгүно оролуп оодо сойлоп, уяга чыгып барганы, аны кулатып түшүргонү, андагы балапан-дарды жегени айкын болуп турду.
Балдар менен карыя кайра сыртка чыкканда жылан анча деле узап кеткен эмес экен. Балдар эми жыланды таш менен ургулап олтүрмой болушту.
— Койгула!—деди карыя ошондо. —Ал ансыз да кор болуп калды.