БЭЭ СААМАЙ

Кыруу, кыруу, ак боз бээ,
Оң туруп бер желеңе!
Сааганыман көп калат
Сары кулун эмгенге.
Так, ай, кула, тебинбе,
Сүт берүүдөн эринбе!-
Кызыл кымыз ичем, дейт,-
Сугатчылар эгинде.
Ай, айкашка керилбе,
Толсун сүтүң желинге!
Кымыз бер – дейт, башкарма,
Чабыктагы келинге.
Кой, кой, тору элирбе,
Тору жаман дедирбе!
Себеп болсун кымызым,
Оору турбай элимде.
Илимпозго дары бол,
Жазуучунун каны бол,
Жумушчуга кубат бол,
Колхозчуга кайрат бол.
Кыруу, кыруу ак боз бээ,
Оң туруп бер желеңе!
Сааганыман көп калат
Сары кулун эмгенге.
7/ХI 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

восемнадцать + семь =