БАЙГАБЫЛ МЕНЕН КУДАЧАНЫН АЙТЫШЫ

Кыз:
Чөптүн башы эмне?
Суунун башы эмне?
Элдин башы эмне?
Жолдун башы эмне?
Муну таап алчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Чөптүн башы мыядыр,
Жолдун башы кыядыр.
Суунун башы дарыя,
Элдин башы карыя.
Тобо теңир, «кудай, а»
Таптым бекен, кудача.
Кыз:
Баракелде, Байгабыл,
Кара ылачын теппеген,
Казда бүтүн бар бекен?
Куу ылачын теппеген,
Кууда бүтүн бар бекен?
Таап алчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Кара ылачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн.
Казда бүтүн карлыгач.
Куу ылачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн,
Кууда бүтүн куркулдай.
Кыз:
Үч чырпыктын башынан,
Түйүп алган ким экен?
Жалгыз жыгач башынан,
Ийип алган ким экен?
Кара жыгач түбүнөн,
Казып алган ким экен?
Таап алчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Үч чырпыктын башынан,
Түйүп алган саятчы.
Жалгыз чырпык башынан,
Ийип алган түндүкчү.
Кара жыгач түбүнөн,
Кесип алган ээрчи.
Кыз:
Ачуу менен чулунун,
Даамын алган ким экен?
Ыраак менен жакындын,
Ченин алган ким экен?
Түлкү менен бөрүнүн,
Намызын алган ким экен?
Кара тоонун бооруна,
Казан аскан ким экен?
Улуу тоонун бооруна,
Ат ойноткон ким экен?
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган ким экен?
Чегирткени ат кылып,
Черге минген ким экен?
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган ким экен?
Таап алчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Ачуу менен чулунун,
Даамын алган ашмачы.
Ыраак менен жакындын,
Ченин алган жортуулчу.
Түлкү менен бөрүнүн,
Намызын алган капканчы.
Кара тоонун бооруна,
Казан аскан кийикчи.
Улуу тоонун бооруна,
Ат ойноткон бүркүтчү.
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган бу шайтан.
Чегирткени ат кылып,
Черге минген бу шайтан.
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган бу шайтан.
Тобо теңир, кудай, я
Таптым бекен, кудача.
Кыз:
Отуз өрдөк, беш чүрөк,
Эки сонор, бир чүрөк
Таап алчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Отуз өрдөк дегениң
Отуз күнкү орозоң.
Беш эле чүрөк дегениң
Беш убак эле намазың.
Эки сонор дегениң
Бири улуу айт болбосун да,
Бири кичи айт болбосун.
Жалгыз чүрөк дегениң
Ноорустама болбосун.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

три × 5 =