БАЙГАБЫЛ МЕНЕН ЧАТА КЫЗДЫН АЙТЫШЫ

Илгери кыргызда бир чоң аш болуп, ошондо Байгабыл деген ырчы келип
ырдап жүрсө, Көк шалкы байдын Чата кыз дегени айтышамын деп келе жатканда
Байгабыл «бул өзү байдын кызы болсо, мен жалаң аттуу жайдак токумдуу бир
киши болсом, кызына жаман кеп айтып жыгып койсом мени өлтүрүп койбойбу»
деп качып берет. Анда баякы кыз артынан бара жатып:
Ай Байгабыл акетай
Арыз айтамын угатур.
Атыңдын башын бура тур.
Ай, Байгабыл акетай
Жооп айтамын угатур.
Жоргоңдун башын бура тур.
Анда Байгабыл токтобой эле:
Атымын башын бурбаймын,
Ай кудача, таяже,
Арзыңды угуп турбаймын.
Жоргомдун башын бурбаймын
Ай кудача, таяже,
Жообуңду угуп турбаймын —
Деп эле кетип бара жатканда Байгабылдын астынан бир жигит чыгып:
— Ой, Байгабыл, сен айтышкын, мен турганда сага өлүм жок, деди.
Ошондо Байгабыл кубаттанып:
Абийирим мындай жабылды,
Атан төөдөй азамат
Ушул жерден табылды.
Ырысымды көрөйүн,
Ырдашып жатып өлөйүн.
Азабымдан көрөйүн,
Сени менен айтышып жаттып өлөйүн — деп, кайрылып келип турду.
Кыз келип:
Ай, Байгабыл, акетай,
Көпкөр кепти таштайлы.
Айтышканга жараша
Санат ырдан баштайлы — деди.
Байгабыл:
Ай, кудача таяже,
Минген атым ток эле
Бекер кыйнап турбагын
Санат ырым жок эле — деди.
Кыз:
Минген атың ток болсо,
Санат ырың жок болсо,
Санат ырды таштайлы,
Табышмактан баштайлы — деди.
Байгабыл:
Ойду бороон боросо,
Тоону бороон боробос,
Ай, кудача, таяже,
Айтышып жеңип алганда
Баякеңдин эч эчтемеси коробос — деди.
Ошондо Чата кыз төмөнкүдөй деп табышмак айтты:
Кара ылачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Канатта бүтүн бар бекен?
Куу ылачын теппеген,
Кундуюп жерге түшпөгөн,
Куйрукта бүтүн бар бекен?
Боору бүтүн, башы эсен,
Адамда бүтүн бар бекен?
Муну тапчы Байгабыл?
Байгабыл:
Кара ылачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Канатта бүтүн карлыгач.
Куу ылачын теппеген,
Кундуюп жерге түшпөгөн,
Куйрукта бүтүн куркулдай.
Боору бүтүн, башы эсен
Адамда бүтүн «бир кудай»,
Мунун несин айткыдай.
Теңирим тобо, «кудайга, ай»,
Таптык бекен кудача, ай.
Кыз:
Ото тоонун бооруна,
Отоо тиккен ким экен?
Ала-Тоонун бооруна,
Ат ойноткон ким экен?
Алтын казык кактырып,
Бек байлаткан ким экен?
Беш чыбыктын башынан,
Түйүп алган ким экен?
Кара жыгач түбүнөн,
Казып алган ким экен?
Эки жыгач түбүнөн,
Эптеп алган ким экен?
Жалгыз жыгач башынан,
Жарып алган ким экен?
Түн уйкусун үч бөлүп,
Түндө жорткон ким экен?
Жылаңайлак, жылаңбаш,
Суу кыдырган ким экен?
Муну тапчы Байгабыл?
Байгабыл:
Ото тоонун бооруна,
Отоо тиккен жылкычы.
Ала-Тоонун бооруна,
Ат ойноткон бүркүчтү.
Алтын казык кактырып,
Бек байлаткан капканчы.
Беш чыбыктын башынан,
Түйүп алган саятчы.
Кара жыгач түбүнөн,
Казып алган кырмачы.
Эки жыгач түбүнөн,
Эптеп алган ээрчи.
Жалгыз жыгач башынан,
Жарып алган чоорчу.
Түн уйкусун үч бөлүп,
Түндө жорткон каракчы.
Жылаңайлак, жылаңбаш
Суу кыдырган балыкчы.
Мунун несин айткыдай
Теңирим тобо, «кудайга, ай
Таптык бекен, кудача, ай.
Кыз:
Башынан булак бурбаган,
Буруп алыш албаган.
Суусун бөлөк бурбаган,
Ак сары башыл сойбогон,
Сууда бүтүн бар бекен?
Байгабыл:
Башынан булак бурбаган,
Сууда бүтүн Ысык-Көл.
Теңирим тобо, «кудай, ай»
Мунун несин айткыдай
Таптык бекен, кудача, ай.
Кыз:
Ай асмандын эркинде,
Айды берген ким экен?
Күн асмандын эркинде,
Күндү берген ким экен?
Телегейдин баарысын,
Тегиз берген ким экен?
Минип турган атыңды,
Семиз берген ким экен?
Суусап өлүп кетет деп,
Булак берген ким экен?
Өзүң угуп турсун деп,
Кулак берген ким экен?
Ачка өлүп кетет деп,
Аштык берген ким экен?
Аштык салып ичсин деп,
Баштык берген ким экен?
Эгиз бала туудуруп,
Койду берген ким экен?
Тал чыбыктай буралтып,
Бойду берген ким экен?
Муну тапчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Ай асмандын эркинде,
Айды берген, «бир кудай».
Күн асмандын эркинде,
Күндү берген, «бир кудай».
Телегейдин баарысын,
Тегиз берген, «бир кудай».
Минип турган атыңды,
Семиз берген, «бир кудай».
Суусап өлүп кетет деп,
Булак берген, «бир кудай».
Өзүң угуп тургун деп,
Кулак берген, «бир кудай».
Ачка өлүп кетет деп,
Аштык берген, «бир кудай»
Аштык салып ичкин деп,
Баштык берген, «бир кудай»
Эгиз бала туудуруп,
Койду берген, «бир кудай».
Тал чыбыктай буралтып,
Бойду берген, «бир кудай».
Мунун несин айткыдай,
Теңирим тобо, «кудай, ай».
Таптык бекен кудача, ай.
Кыз:
Узун-узун, узун жол
Учуна чыккан ким экен?
Жер ортосу боз дөбө,
Болжоп калган ким экен?
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Төрт айланган ким экен?
Мээриянын беш бурчун,
Беш айланган ким экен?
Кара кийик терисин,
Кайыш кылган ким экен?
Кара киши баласын,
Каныш кылган ким экен?
Көпөлөктөн куш кылып,
Көл кыдырган ким экен?
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган ким экен?
Муну тапчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Узун-узун, узун жол
Учуна чыккан жолоочу.
Жер ортосу боз дөбө,
Болжоп калган жылкычы.
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Төрт айланган кербенчи.
Мээриянын беш бурчун,
Беш айланган мергенчи.
Кара кийик терисин,
Кайыш кылган мергенчи.
Кара киши баласын,
Каныш кылган суусарчы.
Көпөлөктү куш кылып,
Көл кыдырган бул шайтан.
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган бул шайтан.
Мунун несин айткыдай,
Теңирим тобо, кудайга, ай,
Таптык бекен, кудача, ай… — деп, кызды Байгабыл жеңип алып, үйүн көздөй
жүрүп кетиптир.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

двенадцать − 6 =