Энелерге таазим

Бала үчүн чыркырап жаны дайын,
Бала үчүн арналган баары дайым.
Кантип сыям зор түйшүк жүрөгүңө,
Кагылайын, апалар, кагылайын?!
Жок эч нерсе сиздерге тенегенге,
Жок тaaмaй сөз баалоочу энелерге.
Аздык кылат салмагы Ай, Кун, Жердин,
Апалардын эмгегин ченегенге.
Үмүттөр көп өмүрдө акталбаган,
Үшкүрүктөр көңүлдө катмарлаган.
Энелер, ай, антсе да мээрим төгүп,
Эссиз уулун бапестеп, кастарлаган.
Апалар, ай, ак дилин ката албаган,
Апа деген – асылдык катарлаган.
Мен эле эмес, менсинген далай акын,
Мээриминди соз менен жаза албаган.
Ар учурда ырыс-кут жандаганын,
Айланышат асылга кармаганын.
Ак дилимден силерге таазим этем,
Айланайын, апалар, айланайын.



Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2 + 5 =