Кирсем токой аралап,
Бирде жакын, бирде ыраак
Сайрап тосот булбулдар,
Алда мендей ырга ынак.
Жерим гүлдүү күнүм ай,
Жайдын сулуу күүгүмү ай,
Күн батар кезде мен уккан
Биринчи булбул үнүң ай.
Булбулсуң булбул сен өзүң,
Гүлдөр тандап өбөсүң.
Сен бир сайрап кеткенде,
Бир жылдык рахат төгөсүң.
Гүлдүн бары сеники,
Жашыл, көк дагы сеники.
Сен өзүң тосуп сайраган
Таңдын алды сеники.
1937
БУЛБУЛДУН БИРИНЧИ ҮНҮ
Датасы: 29.12.2021