Айлык сапар кетсең дагы агылып, Жүз көрүшөр ырыстуу күн табылып, Жыл айланбай кайра келем кайрылып, Ысык-Көлдү жан боорумдай сагынып. Бир аз жүрүп, көңүл тынчып дегдеген, Пейли кенен кенч эмеспи эл деген… Чаң ызгытып кайра жөнөө эң кызык, Акылдуулар жаралуучу жер менен. 10/VII 1949 Чолпон-Ата