Кээде жымжырт сүзүлүңкү тартканың, Кээде сүрдүү, күчтүү толкуп жатканың. Баары сонун, сенсиң менин канатым, Сенсиң бакыт, күч-кайратым, кубатым. Сүйөм сени өмүр күнүн сүйүнтүп, Санар-кабай нечен сансыз жыл күтүп, Бала сүйүү, эне сүйүү, жар сүйүү Сени чындап сүйгөнүмө бир күндүк. 10/VII 1949 Чолпон-Ата