ЖОЛДОШТОРУМ МЕНЕН

Бир топ жаш, түн мезгили келе жаттык.
Ай жарык, жылдыздарда терең шаттык,
Жылдыздын ошол терең шаттыгынан
Жүрөктүн эчен-эчен сырын ачтык.
Деги айтчы, булбул ырчы болор белен,
Десеңчи, гүлүнө мен конор элем.
Эриктим тоодон салкын эс десеңчи,
Мен серүүн көңүлгө жел согор элем.
Жеткен көрк, көркөм шаар серүүн аба,
Жетерлик сүйүү деми кылат даба.
Бакта шаң, анда биздин комсомолдор,
Дем берген, кубат берген ушул канга.
Урматтуу оюн менен ойду тазарт,
Кубаттуу күлкүң менен күлүп жашарт,
Сүйүүдө жаштык оту муздабасын,
Гүлдөйлү келечекке бакты жасап.
О курбум, неткен менен өмүр кыска,
Биз кошсок жаңы өзгөрүш санаабызга,
Сүйүүсүз турмуш көркү анча болбойт
Албырсын ашык оту арабызга.
Булбул бар бойго жетбей гүлүн сорбойт,
Бир гүл бар, бойго жетбей гүлүн коргойт.
Экөө тең арзышкандар, арзышкандар
Сүйүүсүз турмуш көркү анча болбойт.
1934

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3 × 5 =