Башка жерге кетсең да, Баселкемди сыйлай жүр, Баселкенин балдарын, Жамандыкка кыйбай жүр. Кайсы жерде жүрсөң да, Колхозумду сыйлай жүр, Колхозчунун балдарын, Жамандыкка кыйбай жүр. Айлыбыз Сары-Ой, кең өзөн. Өзөн бою бай колхоз, Кайсы күнү көрсөң да, Он бешке толгон айга окшош. 29/XI 1946 Чолпон-Ата