Жардам бердик
Датасы: 17.11.2021
Сөзү: М. Жангазиев, обону: А. Малдыбаев
Жардам бердик,
Алма тердик,
Мектеп алма-багынан,
Жаңгак кагып,
Күнгө жайып,
Койдук дагы жаңыдан.
Жардам бердик,
Жүзүм тердик.
Жийде жыйнап, ойнодук,
Кол кармашып,
Бий бийледик,
Түшүм тоюн тойлодук.