ЖАНЫБАРЫМ ЫСЫК-КӨЛ

Жаныбарым Ысык-Көл
Жайкалып жатат көрктөнүп,
Шоокумга шары жылтылдап,
Кубанган бала көздөнүп.
Ыргалганым Ысык-Көл
Ыргалып жатат көйкөлүп,
Толкуну жок мелтиреп,
Сооронгон бала көздөнүп.
Жарыктыгым Ысык-Көл
Сүзүлүп жатат көрктөнүп,
Татты уйкуга мемиреп
Сүт эмген бала өңдөнүп…
Кагылайын Ысык-Көл
Карасам көңүл көтөрүп,
Калдайган калың күндөрдү
Каткырык менен өткөрүп…
10/XI 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

шестнадцать + семнадцать =