Жаны жыл Датасы: 16.12.2021 Кел, жаңы жыл, келе бер,Тынчтык нурун себе бер.Бирге болсун биз мененБиздин ата-энелер. Элге бергин береке,Жерге бергин береке.Өркүндөсүн Ата ЖуртӨзүң берген белекке. Жыргап жаткан чагыбыз,Окуп билим алабыз.Арта берсин сен мененБиздин таалай багыбыз.(Сөзү С. Жусуевдики, музыкасы Г. Ашымованыкы)