ЖАҢЫ ТЕСКЕЙ

Турмуштун жаңы көркүн курган жердин,
Бактылуу эркин жашап турган элдин.
Жыргалын Жаңы тескей түбөлүккө,
Орнотуу тилек менен сага келдим.
Акындын сыры терең саламын ал,
Өзгөчө маанилүү бир кабарын ал.
Өзүңчө эриккенде эртели-кеч,
Ырдасаң бирге ырдашар обонуң ал.
Толкундуу жаңы турмуш, сырын чечпей,
Күндөлүк зуулап өткөн күндөрдү эстей,
Сендеги жаңылыкты унутупмун,
Бардык иш мына ушунда Жаңы тескей.
Баягы мен кой жайган жашыл бетиң,
Ырдасам ыргалышкан көк шибериң,
Күдүңдөп мени көрүп кубанууда
Өстүргөн сагындыңбы кайран жерим.
Кечеги бир көк сактап мунарланган,
Керме тоо жашыл сайма көркүн алган.
Урматың, сенин бактың мен дегенсийт,
Өзүмө ишенбестей таңырканам.
Керме тоо чынында да менин бактым,
Тескейиң мал ырысы, денең алтын.
Эриксиз таасирленем, кыялданам,
Себеби бир башкача сенин шартың.
Бул айыл колхоз айлы жаңы элдики,
Жаңы элдин жаңы мүнөз кыз-келини.
Кой жайып таң алдында үн алышат,
Өзгөчө коңур үндүү ырдап селки.
Жайылган жайытың кең багың өссүн,
Сен үчүн Жаңы тескей балын төксүн.
Көптөн бир күткөн үмүт тилегеним,
Дүркүрөп социалисттик малым өссүн.
Төрт түлүк Тескейимдин малы ушунда,
Кадимки жаңы турмуш шаңы ушунда.
Кыз, келин кызык оюн куруп алып,
Өз ара ырдоо, бийлөө дагы ушунда.
Бир күнү эрте турдум, таң аткан кез,
Керме тоо таң көркүнө көркүн бербес.
Тескейден жылкы чубап, кой чуркурап,
Бир башка көз алдыма келтирди элес.
Ал тиги, жаңы койчу эки үч курдай,
Көз тойгус көркөмдүктүн көркүн сурай,
Сансыз мал кең жайытын карап туруп,
Ырдады коңур үндүү үнүн улай.
Кең күңгөй кубаттанам демиң менен,
Сырдашам жумшак эзген желиң менен.
Кой жайып күүгүм талаш түшкөн кезде,
Тосуп ал кең пейилдүү белгиң менен.
Жайдарым Жаңы тескей элиңдеги,
Эмгектин чын тилектеш бураң бели.
Турмуштун ким күбөлүк сырдашы экен,
Чынында кайда алпарат жаш тилеги.
Дегенде көңүлүнөн бакты, ташып,
Жаңы кыз жаңы койчу колтукташып,
Эй турмуш, көркүң биз ээ дешкенсиди,
Белгилүү жаш кыялдан шаттык ташып.
Суусамыр, 1934

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

один × 5 =