ЫСЫК-КӨЛДӨ ТӨРТ МЕЗГИЛ

Жазын көрдүм, Ысык-Көлдө жаз жыргал,
Тирүүлүктө көлдүн жазын көрүп кал.
Куулар кетип, жаңы кетип аңырлар,
Бүрүн жарып, гүлдөр кезде кайың тал.
Катар, катар сабын түзүп турна өтөт,
Карлар эрип, кырлар жашыл талаа көк.
Кара торгой таңдайынан үн безеп.
Үпүп учуп көңүлүңдү көтөрөт.
Таңды кечке тракторлор татырлап,
Кошко кирип, соко жиреп семиз ат.
Колхозчулар жаз келди деп кубанып,
Колго тиет багынычтуу көп кызмат.
Жайын көрдүм, күңгөй, тескей жайкалып,
Мал тоюнган жайлоо кезин айталык.
Сугат, отоо, апийимди суюлтуу,
Кандай сонун, кандай кызык чөп чабык.
Түш мезгилде кымыз келет тоо жактан,
Бир кишиге бир бир керме аяктан.
Күлкү… шылдың… тамашалоо өз ара,
Кандай жумуш, кантип түтөт каяктан!
Күзүн көрдүм, – көл элинде береке,
Капа болот, барбай кетсең жеңеке.
Ар бир адам кумар болот өзүнчө,
Мейман тосуп аш тамагын бермекке.
План толуп, эмгек тийип жүз пуддан,
Дагы тиет кошумча эмгек кырк пуддан.
«Көмөч болбойт, күйүп кетет экен» деп,
Кызыл кыздар нан бышырып дандырдан.
Колхоздорго алкыш келип обкомдон,
Тууну берип жакшы ишине райком,
Колхозчу ата тойго барам бүгүн деп,
Атка минет жутуп алып бозодон.
Кышын көрдүм Ысык-Көлдө кыш жакшы,
Ак кар басып аппак кылып кыштакты,
Жаш бөбөктү апасы уруп чыгарбай
Терезеден карап турат тыш жакты.
Кыш өкүмү баскан менен кырларды,
Колхозчуда токчулуктун жыргалы.
Түн мезгилде көлдүн аркы четинен,
Көп угулат кыз жигиттин ырлары.
Мына ушундай Ысык-Көлдө төрт мезгил,
Кайгы, капа, жаманчылык жок эч бир.
Көлдүн көркүн, чабал акын… Алыкул
Ойдогудай жаза албаптыр ээ… деп бил.
3/ХI 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

семнадцать − 13 =