УУРДАЛГАН АТ

Бир айылдык кишинин жакшы аты бар болчу. Ал ар күн атынын башын сылап, келишимдүү келбетине суктанып караар эле. Күндөрдүн биринде бир ууру сарайга кирип, атын уурдап кетет. Киши атынын уурдалганына бир канча күн кайгырып, башка бир ат сатып алууга шаарга келет. Базарда оңго-солго карап жүрүп, күтүүсүздөн өз атын көрүп калат. Ээри менен жүгөнүн алмаштырып, сатканы алып чыгышкан экен. Айылдык адам аттын жүгөнүн кармап кыйкырды:

-Бул ат менин атым. Үч күн мурун уурдалып кеткен болчу.

Сатуучу болсо, бул сөздөргө көнүл бурбай, кош көнүл мындай деп жооп берди. -Жаңылып жатасың, мырза… Ат меники. Канча жылдан бери минип жүрөм.

Акылдуу айылдык киши аттын эки көзүн колу менен жаап туруп:

-Андай болсо айтчы, кайсы көзү сокур бул апын?

-Бул жерде билинбеген эмне бар? Сол көзү сокур.

-Тилекке каршы, биле алган жоксуз.

Сатуучу болсо, жаңылып калгансып карбаластап:

– Эме… Мен оң көзү сокур деп айтайын дегем, деп мукактана түштү.

-Канча жылдан бери минип жүргөн атымды кантип билбейин. Айылдык адам аттын көзүн ачып:

-Сен жалганчысың. Ал аз келгенсип уурусуң. Эй, адамдар карагыла! Аттын эки көзү тең таптаза.

Ушул убакта тегеректе бир топ киши топтолуп калган эле. Айылдык адамдын акылына баары таң калышты. Сүйүктүү атын алып, айылдык адам айылына кетип бара жаткан кезде, ууруну болсо түрмөгө алып баратышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1 × три =