УКТААРЫМДА

Кыймылы жок тим гана
Мурда турган көк карап,
Шуулдап соккон шамалга
Шуудурады бак-дарак.
Тоо ашып күн жашынып,
Өскөн нур басты батышты.
Каргалар түнгө жай издеп,
Салпылдап учуп жатышты.
Көзгө уяң, айга көрк,
Түн жайнатты жылдызды.
Жылдыздар алыс-алыстан,
Билдиришпей көз кысты.
Дем алчуу жайкы бак менен
Колтукташып барабыз,
Өңкөй жаштар бир болуп,
Күлүп көңүл ачабыз.
Өмүрлүк кетип бир жакка,
Бизди унутуп жүрбө деп,
Жакшылап сактап алууга
Кыздар мага гүл берет.
Ошол жерде олтуруп
Дептериме ыр жазам.
Гүл ордуна ыр берип,
Кыздар менен сырдашам.
Жалгыз келип үйүмө
Үстөлгө бир аз олтурдум.
Эх, эчендерди ойлонуп,
Толкуну болдум толкундун.
Кен ачылган терезем,
Таза аба көңүл сергитет.
Жука кийген көйнөгүм
Турганын көрчү делбирттеп.
Оюма түшүп кыздардын
Таттуу сөзүн укканым.
Тынчый албай кыйлага
Анан барып уктадым.
Турсам да, жүрсөм, уктасам
Көңүлүм такыр тынчыбайт.
Эмгектүү менин көп курбум,
Ойготуп ойду чымчылайт.
1935

Автор

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

один + восемнадцать =