ТИЛЕК

Кышты сезбей, кыштак болсо турганың,
Нелер келип, нелер түшпөйт санаага?
Ойлоп турсам бир замандаш калкымдын
Баары секет, барлыгы алтын, садага.
Күнү кыска, түбү терең түндөрдө,
Нелер келип, нелер кетпейт санаага?
Ойлоп турсам бир доордош калкымдын
Барлыгы эне, барлыгы ини, баары ага.
Жүрөк оору, өпкө оорунун дарты үчүн,
Мүрөк суусу сатылса эгер базарда:
Канча алсыз, канча оорулуу болсом да,
Өзүм албай, ал дээр элем аларга.
Күздө бышкан алма, жүзүм сыяктуу,
Баланын күнү сатылып турса базарда,
Оорубасын, узак өмүр сүрсүн деп,
Өзүм албай ал дээр элем аларга.
Неге десең бир башкача кымбат эл,
Жаратылган биздин ушул заманга,
Ошондуктан баарын сүйөм кадырлайм,
Баары секет, барлыгы алтын садага.
31/X 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

один × 4 =