ТИГИ ДҮЙНӨДӨГҮ ТЕРГӨӨ

Кудайдын куттуу бейшемби күнүндө “орду толбос оор жоготуу” болду. “Молдо Мухтар кайтыш болду” деген кабарды жаандын айнегиндей бачым таратып жүргөн чабармандын үнүн уккан пенделер: “Аа, рахматы, барар жери бейиш экен да, кудайдын улук күнүндө өтүптүр” дешип, бата кылышты.
Молдо Мухтардын бу жарык дүйнөдө калтырган жападан жалгыз туягы — майлуу жерди келемиштей кемирип, кампачы болуп иштеген уулу Аслидин-максум атасынын өлүмтүгүнө жыйнаган “ырыскы байлыгын” тим эле төгүп таштады. Темир сандыктарга, жавандарга батпагандан тиги чатырга чыгарып жыйылган чапандар менен чепкендерди (булар аш-тойлордон өлүм болгон жерден жана “шыпаакерликтен” түшкөн белектерден) элге таратышты. Өлөт алгыр чычкандардын айынан илме-тешик болуп пахтасы чубалган жараксыз чапандарды чоң-чоң канар каптарга буума кылып салып, көздөн далдараак жерге жыйып коюшту. Аслидин-максум атасынын сөөгүн көрүстөнгө көтөрүп барганга чейинки кыска аралыкта табыттын үстүнө он эки ирет кымбат баалуу кездеме жапты, азамат, алардын баарын табыттын жака белинен алыстай албай айланчыктаган шакирт молдолор кезек менен (мындай маалда мунаса кылыш керек да…) сыйрып алышып, коюндарына катышты. Сөөк жерге тапшырылгандан кийин мурдагы өлүмдөрдө колунда жоктор бар болгону беш эле сомдон беришкен болсо, бул жолу айрымдарына он сомдон, кээ бирөөлөргө жыйырма сомдон тажыя таратылды. Айтор, молдо Мухтардын өлүмү мына ушундайча тойго жана “марттыкка” айландырылды.;.
Бирок, молдо Мухтардын айрым мусулмандар үчүн бар дүйнө катары саналган тиги дүйнөдөгү “тагдыры” эмне болорун эч ким ойлогон жок, анткени, пенделердин көпчүлүгү анын бейшембиде түз эле бейишке барарына ишеничтери чоң болучу…

Молдо Мухтар жарык дүйнөдө тирүү жүргөн кезинде тиги дүйнө тууралуу мусулман китептеринен көп окуп, окутуучусунан уккан-билген болсо, эми “өз көзү менен көрүп”, “Ирам багындагыдай” гүлдөрү жайнаган, булбулу сайраган ажайып жерде чөк тизелеп, сурак күтүп олтурду. Гүлзарлуу бактын төр жагындагы калдайган эки чоң дарбазага көзү түштү. Дарбазалардын алдындагы колдоруна жаа, кылыч, ай балта кармаган калкандуу желдеттердин бири:
—Ассалому алейкум, кудайдын пендеси, жарык дүйнөдөн кандай кабар алып келдиң? — деп сурады молдо Мухтардан.
—Ээ, адамдар улам барган сайын кудайды унутуп баратышат, — деп жооп берди ал калтырап-титиреп.
—А сенчи, сен унуткан жоксуңбу деги? — Желдеттердин экинчиси сырдуу тиктеп, собол таштады.
— Жок!.. Астапрылла деңиз кокуй!
— Жарык дүйнөдөн келгендердин дээрлик бардыгы эле ушундай дей берет тозоктон коркуп. Мейли, сенин ким экениңди тиги Мункар менен Накир айтып беришпесе, башка эч ким…
Мына ушул учурда оң жактагы дарбаза ачылып, ичкериден калың-калың китеп колтуктаган Мункар менен Накир чыга калышты. Алар түз эле молдо Мухтардын тушундагы бийик супанын үстүнө катар олтурушту да, адаттагыдай эле суракты башташты:
—Коош, сен кимдин пендесисиң? — деп биринчи суроону Мункар узатты.
—Кудай тааланын… — Калтырап-титиреп жатып араң жооп кайтарды молдо Мухтар.
— Күнөөң барбы?
— Кымынчалык да күнөө кылган жокмун, динден чыгып бараткандарды динге салууга өмүр бою үлүш коштум, беш убак намазымды каза кылбадым, дааратсыз жүрбөдүм, бирөөнүн акын жебедим, бирөөнү чеки акаарат кылбадым…
— Ии, эмне, кылмыштарыңдын бири да эсиңде жокпу, азыр?
—Оо, урматтуу малейкелерим, мен айдын бетиндей таптазамын, ишенгиле, таптазамын, көзүм гана күнөөкөр болбосо… Тазалыгымдан улам кудайдын улук күнүндө-каза таптым…
—Андай болсо, биз да, сен да кудайды алдабастан, мына бул китептердеги таржымалынды окуп көрөлүчү, кана, эмнелер жазылыптыр. — Накир алдындагы калың китептин алгачкы барагын оодарып окуй баштады: — Коош, молдо Мухтар ибн Суннатулла, мусулман, өз кезегинде бешене тер менен оокат кылуудан качкан, текин ырыскыга келемиштей көнүп алган, молдо болуудан мурда араккор эле, элге, журтка шерменде болгон соң, акырында чала молдолукка өткөн, эптеп карын тойгузуунун артында чала молдо дин бузарлардын жолун жолдогон, өзүнүн кыштагында жашаган мусулмандарды улутка бөлүп, эки араан кылуу үчүн өлүк болгон күндөрдүн биринде тажиядан чырчатак чыгарган, кудайдын бир момун пендеси каза болгондо өзүнүн мартабасын динге жамынып жогорулатуу максатында: “бул адам куранды тилдегени үчүн жаш өлдү” деп жалган ушак тараткан, орозо битирди жыл сайын карыптарга эмес, өзүнүн алкымына кептеп, напсисин тыялбаган, “жин урган” жаш келинди замдап окуп жатып, кыздын акак таштай апакай көкүрөгүнө “күф” салып, жаш нерсенин намысына сугун арткан, эл-жеринен качып кетип, алыскы кыштактардын биринде чала молдолук кылып жүрүп, дагы бир кара далы кызга үйлөнгөн, аны да бир перзенти менен таштап кетип, баласына өмүр бою сары чака да берген жок, мурда шишедеги бадыраң, помидорду башка пенделер жешсе макүрү деп жүрүп, эми ал өзү ошолорсуз палоо жей албай калган, кыямына жеткирип, кыраат менен дуба окуй албаса да, ооруп-сыркагандардан жогорку “ставкада” акы талап кылган, колуна түйүн кармап келбегендерге акырая карап,”Жамандын жарты өнөрү ашыкча” дегендей, чала молдолугун да ыраа көргөн эмес, жүзгө жакын адамдардын турмушун “ысытма-суутма” жолу менен бузган, көптөгөн кишилерди ичи ирик адамдардын тапшырмалары боюнча молдолук жолдо “буту-колдорун байлап таштаган”…
—Жетишет! Китепти жап! — деп кыйкырып жиберди Мункар. — Ии, эми эмне дейсиң, молдо Мухтар ибн Суннатулла? Жарык дүйнөдө жүргөнүңдө: “Оо, адамдар, күнөө кылсак бизди эч ким көрбөйт, билбейт деп ойлобогула, кудайым асмандан баарыбызды карап турат” деп насыят айтканың ырас, бирок ошол эле учурда… өзүң…
—Коош. буга кандай өкүм чыгарылат? — сурады Накир.
—Кудайдын молдо Мухтар ибн Суннатуллага чыгарган өкүмү мындай, — деп китептин эң акыркы бетин ачты Мункар: — “Бейиштин босогосуна да жакын жолотпостон, түз эле тозокко айдалсын…”

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

17 − девять =