СЫЙКЫРЧЫ

Төкөн шаарга барганда заводдо иштеген агасы циркке алып барган эле. Ал ал жерден эмнелерди гана көрбөдү дейсиң?! Пилден тартып чычканга, жыландан тартып кескелдирикке, арстандан тартып кандекке, аюудан тартып маймылга, канаттары улпулдогон индия кушунан тартып чоңдугу беш тыйындай болгон чымчыкка чейин коргон эле. Баары тен колго үйрөтүлгөн. Ошентсе да, Төкөнго аябай жакканы жумуртка жутуп ийип, ошол эле жумуртканы бирөөнүн чөнтөгүнөн алып берген сыйкырчы болду. Ал бирде бош чаканын ичинен гүлдөрдү алып чыкса, бирде андан көгүчкон алып чыгып, бирде дегеле түгөнбөгөн кызыл тасмаларды чубап, айтор, Токон корбогон укмуштарды кылып атты.
— Баракелде-е!—деди Төкөн цирктен чыккандан кийин оз ичинен. — Тим эле шумдук турбайбы?! Деги булардын баарын ал кантип жасап алат?!
Үйгө келгенден кийин агасынан ушу жонундо сурады.
— А-а, ал оной эле,— деди агасы инисин тамашалай. Анан устол устундо турган жаңгактан бирди алып, оозуна салып ийип, ошонун озун сол алаканынан алып чыкты.
Төкөндүн таңгалганын айтпа. Агасы бош чаканын ичинен гул, көгүчкөн алып чыга албаган менен алигидей “сыйкырчылыкты” билген киши болуп чыкты.
Жүрө-жүрө Төкөңдүн да ушундай сыйкырчы болгусу келди. Анан алигидей жаңгак жутканды уйрот деп агасын кыстай баштады. А агасы оной менен макул болбой, инисин ого бетер кызыктырып барып, копто гана макул болду.
Көрсө, бул сыйкырчылык дегени оңой эле иш экен. Оң колуна бир жаңгак алат экен да (ошол эле учурда сол колунда бир жаңгак болот) элге көрсөтуп туруп оозуна салып, жутумуш болуп, тилинин астына жашыра коёт экен. Анан оозун ачып, жаңгактын жок экенин элге корсөтүп, кийин сол колун “суф!” деп туруп ачып ийсе эле, алаканында катылуу турган жаңгак чыга келет.

Агасы ушул сыяктуу майда-барат нерселерди керсоткөндөн кийин, Төкөн учун сыйкырчылык тукко да турбай калды. Үйдо байкеси менен жеңеси жокто агасынан үйронгон сыйкырчылыгын оз алдынча жасап, кыйла машыгып алды. Максат — айылга баргандан кийин балдарды айран калтыруу…
Ошентип, ал жаңы окуу жылы башталарда айылга да келди. Үстүндо агасы сатып берген жапжаңы кийим, бутунда кычыраган кыпкызыл батиңке, а үйрөнгөнү “сыйкырчылык!”
Төкөн үйгө келген эле кечте айылдын балдары аны курчап алды. Ал айткан цирк жөнүндөгү өтө кызык ангемени, тамашаны угушту. Велосипед тепкен аюу, көйнөк кийип алып арткы эки шыйрагы менен басып жүргөн кандектер, күйүп турган алкактын ортосунан секирип кеткен жолборстор, койчу деги, көргөндөрүн түн ортосуна чейин кеп кылып, Төкөндүн цирк жөнүндөгү аңгемесинин ошондо да чети оюлбайт, калганы эртенкиге калды. А эртеси Төкөн эрте турду. Шаша-буша чайын ичип, колго ашыкты. Балдар аны көчөдө күтүп турган экен.
Төкөн бу күнү да көргондорүн кечке кеп кылды. Жеке цирктен кергондөрүн гана эмес, шаардан көргөн кызыктарын да жадабай баяндады. Ошо менен аны шаардан көргөн-билгендери аяктады. Эми кезек “сыйкырчылыгына” келгендей болду. Бирок аны а күнү көрсөтпөдү, кийинки күнгө калтырды.
— Мен сыйкырчы болуп келдим! — деди эртеси балдардын башы кошулган жерде.
Муну укканда балдар күүлдөй түштү:
— Калп айтасын!
— Кана көрсөтчү!
— Давай,— деди Төкөн компоюп. — Беш тыйындан жыйгыла!
— Аны эмне кыласын?
— Сыйкырлыктын акысы.
Балдар буга макул болбогондой тур көрсөттү.
— Шаарда ушундай цирк көрүш үчүн тыйын төлөш керек.
— А-а,— дешти балдар. —Циркке да тыйын алат бекен?
— Ананчы!
— Эртец ала келели, бүгүн көрсөтө тур,— дешти. Төкөн ошондо гана макул болду.
— Кана, мага жуткудай сүйрү таш таап бергиле! — деди.
Балдар кужулдашып, жээктен таш тандай кетишти.
— Эми тандаган ташынарды баарынар коруп, таанып алгыла! — деди. Тандалган ташты баары көрүп чыкты. Ошондо ал эки алаканын жайып:
— Колумда таш жок бекен? — деп тургандарга кайрылды.
— Жок экен! — Балдар чур-р эте түштү.
— Эми биринер келип, чөнтөктөрүмдө силердин ташка окшогон таш жок бекен, текшергиле! — деди.
Бир бала Төкөндүн чөнтөк-башын бүт тинтип, таш таппады.
— Эмесе, тандаган ташыңарды бери бергиле!
Бирөө тандаган ташты алып келип, балдардын бет мандайында турган Төкөн дүн сунуп турган он алаканына салды.
Ошондо Төкөн көзүн сүзүп, ичинен дуба окуп аткансып кыйлага ыргалып туруп калды. Анын бу кейпи өтө кызык жана сырдуу эле. Балдар анын күбүрөп аткан оозун карап калды. Төкөн ошондо гана сол колу менен төш чөнтөгүнө кол салып, кыыпкызыл тасма чубап чыкты. Анан ошо тасма чөнтөгүнөн томон саландап, балдардын көңүлүн катуу бурду. Алар Төкөндун колундагы ташты унута салып, тасманы жапырт тиктеп калганда, ал ушунчалык тездик менен он колундагы ташты сол колуна ала койду. Кыыпкызыл тасмага алаксып аткан балдардын эч кимиси аны байкабады. Текен тилегине жетти! Эми ал жүзүн кадимки цирктеги сыйкырчыдай бырыштырып-тырыштырып, көзүн аңтарылтып, оозун күбүрөтүп, ичинен дагы бир азга “дуба” окуду да, “азыр ташты жутамын!” дегендей “бисмилла!” деп ун чыгарып, оозун ачып туруп, он колундагыны тандайына серпип ийгендей болду. Анан, “көрдүнөрбү, он колумдагыны оозума салдым” дегендей алаканын жайып, алдында андан кез албай отурган балдарга көрсөтүп, козүн аңтарылтып, оозун күбүрөтүп “дуба” окуп, ташты жута баштады. Ана, курк эттире жутуп да жиберди. Ошондо ал оозун араандай ачып, “мына, оозумда эчтеке жок” дегендей түр көрсөттү. Өтө катуу таңданган бирөө Текендун жанына жетип барып:
— Кана, тилиңди өөдө кылчы…— деп текшерип кирди.— Ууртуңа катып алба…
Оозунда таш жок болучу.
— Жутуптур!—деди алиги бала айран калып. Жанатан бери тымтырс отурган балдар дуулдай туштү. Төкөн эми балдарга “тынчтангыла!” дегендей белги
берди да, кайрадан сыйкырчылыкка өттү. Эрдин күбүрөтүп, көзүн алигидей эле сүзүп, ичинен “дуба” окуй баштады. Балдар анын бир жери катуу ооруп, ошого чыдабай бырышып-тырышып аткансыган жүзүн бир, чөнтөгүнөн томон саландап турган кызыл тасманы бир карап, элейип калышты. Мына ошо тапта Текен жумулуу сол колун микрофон кармап тургансып оодо кылып, муштумуна: “Суф-суф-суф!” деп үч ирет дем салды да, түйүлүү муштумун жазды. Алиги бул “жутуп” ийген таш ошол алаканында жүрөт.
Балдар алигидей да катуу дуу эте тушту. Жабыла туруп келип, Төкөндүн алаканында турган ташты алып, карай баштады.
— Дал өзү!
— Ошол таш!
— Ой тобо-о! — Балдар кажы-кужу түштү.
— Дагы корсот! — деп чурулдашты балдар.
— Жо, бүгүнкүгө ушул эле жетет,— деди Текен барктанып.— Калганын эртең көрсөтөм. Бүгүнкү оюн үчүн беш тыйындан, эртеңкиси үчүн дагы беш тыйындан апкелсенер…
Эртеси Төкөн дагы башка “сыйкырчылыгын” көрсөттү. Бу жолу да балдар анын куулугун байкабай калды. Ошентип алар кунуно беш тыйындан алып келип, терт күнү катары менен Төкөндун терт сыйкырын көрүштү. Ошо менен анын шаардан уйронуп келген торт амалы бутту. Ошентсе да, ал торт кун бою момпосуйга карк болду. Өзү эле эмес, балдар да…
Эгерде момундай бир кырсык болбогондо… Ошол жоболондуу окуя Төкөндун бут сыйкырчылыгын кез ачып-жумгуча жокко чыгарып ийгендей болду. Берегиле, трактирчи Барбаңдын экинчи класска барчу баласы Төкөндү туурайм деп олуп кала жаздаса болобу. Ал да бир топ майда балдарды чогултуп, акы алып, анан Төкөн өңдөнүп бети-башын бырыштырып-тырыштырып, ичинен дуба окуп, анан ташты шак оозуна салып жуткан экен, анысы кекиртегине тыгылып калып, бирде дем алса, бирде дем алалбай, когоруп-татарып, акыры тез жардам чакырышып, алда-жалда менен аман калбадыбы.
— Силерге таш жутканды ким уйротту?
— Төкөн сыйкырчы.
— Ал кандайча сыйкырчы?
— Таш жутчу.
— Кандайча таш жутчу?
— Ал — сыйкырчы. Таш жутат…
— О, ташың менен тамыран калгыр!
Анан, коруп ал чатакты. Эл Төкөндүн үйүнө биринин артынан бири келет: “Уулуңарды тыйгыла!”.
Акыры уулунун бул кылыгына жини келген апа Төкөндү тергей баштады:
— Кана, көрсөт сыйкырчылыгыңды?!
Төкөн ары кетип, бери кетип, айласы түгөнгөндө бүт куулугун энесине көрсөтүүгө аргасыз болду. Анын мындай арамзаалыгы апанын жинин келтирди. Ошонун айынан жеди белем таякты…
Эртеси апасы ” Төкөн сыйкырчылыгын көрсөткөнү үчүн ар баладан беш тыйындан алып жүрөт…” — деген кепти угуп келип, дагы “сорпо” ичирди белем…
Акыры, жаны окуу жылы башталганда жыйналышка түшүп, сыйкырчылыктан көңүлү катуу калды. Ошону менен анын “сыйкырчылыгы” бутту. А азыр болсо, ал ” Төкөн сыйкырчы” деген аттан кантип кутулуунун амалын издеп жүрөт…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6 − шесть =