Жаш сулуу мындан өзүн карагандыр, Тең жарып кара чачын тарагандыр, Күнөөсүз, чырымталсыз ак жүзүнөн Жаштыкты ызалантчу от жангандыр. Көп айлар далай жылдар алыс калды, Күзгүдөн да бир жолу карагандыр. Мурдагы шооласы жок жаркыны жок, Жүрөгү өчкөн оттой жарадардыр. 10/ХI 1939