СЕН АЙТПА
Датасы: 29.12.2021
Сен айтпа да, мен укпайм,
Эссиз кыздын көпкөнүн,
Кийсе кийсин жибектин
Кызыл, сары, көктөрүн.
Менде толгон кийим жок,
Сыртым бүтүн көңлүм шат.
Менде таттуу ырлар бар,
Барлыгынан жаңыраак.
Кимдин кимин көрөбүз,
Жер үстүндө бар болсок.
Кыйындык жанды чыйратат,
Бейкорлук муун бошотот.
17/ХII 1945
Койсары
Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон) Посмотреть все записи автора Салта