СААНЧЫ ЖЕҢЕ

Баркыттан кийген балдар ай,
Башайы көйнөк кыздар ай.
Эртең күйөө той берет,
Жар көрөлү
Жар, жар ай.
К ы з д а р :
Күйөө берсе той берер,
Биз бербейбиз кыздар ай.
Күйөөнүн жөнүн сурабай
Кыз бербейбиз
Жар, жар ай.
Ж и г и т т е р :
Күйөөнүн жөнүн сурасаң,
Жыйырма экиде жаш бала ай,
Сын-сыпатын көргөн жан
Сын таба албас,
Жар, жар ай.
К ы з д а р :
Жыйырма эки жаш кимде жок,
Кызык кеп го кыздар ай.
Өнөрүн айт, күчүн айт
Сыны кимге
Жар, жар ай.
Ж и г и т т е р :
Ат үстүнөн баратып
Тыйын эңет кыздар ай.
Оодарышса он эрди
Жалгыз жеңет
Жар, жар ай.
К ы з д а р :
Андай өнөр кимде жок,
Эмгегин айт, балдар ай.
Оодармактан оодарсын
Өнөрү кимге
Жар, жар ай.
Ж и г и т т е р :
Үч жүз жетимиш эмгек күн
Эсеби бар, кыздар ай.
Жазылбай жаткан дагы да
Нечени бар
Жар, жар ай.
К ы з д а р :
Үч жүз жетимиш кимде жок,
Четтен чыгат, балдар ай.
Кылган ишин дааналап
Жашырбай айт,
Жар, жар ай.
Ж и г и т т е р :
Бир гектарын бир чабат
Саздын чөбүн, кыздар ай.
Бир гектарын бир орот
Күздүктөрдүн
Жар, жар ай.
К ы з д а р :
Бир гектарды бир чапса
Жаман эмес кыздар ай.
Бирок анча макталчу
Балбан эмес
Жар, жар ай.
Ж и г и т т е р :
Алты кырдын үймөгүн
Жалгыз үйөт, кыздар ай.
Муну сүйбөй жаш кыздар
Кимди сүйөт
Жар, жар ай.
К ы з д а р :
Алты кырды өзү үйсө.
Азамат го балдар ай.
Азаматка алты кыр,
Аз болотко
Жар, жар ай.
Ж и г и т т е р :
Ал гана эмес, айлантат,
-Комбайнды, кыздар ай.
Коромжусуз майкаңдайт
Буудайыңды
Жар, жар ай.
К ы з д а р :
Комбайнды айлантса,
Балажан го кыздар ай.
Биздин Бүбүш сынчы эле,
Жараган го
Жар, жар ай.
Ж и г и т т е р :
Баланы айтсак ушундай,
Кызыңар кандай, кыздар ай
Суроо салып көрөлү
Айткылачы
Жар, жар ай.
К ы з д а р :
Мурду бучук, башы таз,
Кыз беребиз балдар ай.
Айлыңарга кеткиле
Кыш беребиз
Жар, жар ай.
Ж и г и т т е р :
Бучук эмес, таз эмес,
Какшыктаба кыздар ай.
Автобуста жарышып,
Биз келебиз,
Жар, жар ай.
К ы з д а р :
Кеп жүйөсүн билбейсиң,
Кейкеңдеген балдар ай.
Ушундай жигит жактырган
Жөн кыз бекен
Жар, жар ай.
Ж и г и т т е р :
Биз жеңилдик силерге
Сөз жүйөсү, кыздар ай,
Бир бирине жарашкан
Жар көрөлү
Жар, жар ай.
8/ХII 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

14 − двенадцать =