Сөз – А. Кадыров Датасы: 22.09.2021 Биздин элде баалайт сөздү башынан,Бир сөз үчүн түшүп берген атынан.Бир сөз үчүн бири-бирин чабышкан,Бир сөз үчүн бир туугандай табышкан. Кан майданда Мекен деген сөз үчүн,Кайран кыргыз кардай үрөп өз күчүн,Аткармакка тууган элдин тилегин,Тайманбастан окко тосту жүрөгүн.