С ы н ч ы :
Ырын жаман акыным, ырың жаман,
Чыкпайсың бир калыптуу такылдактан.
Сына деп кыйнамайың жанга батты,
Кур сөздү түзө салып, төрт-төрт саптан.
Күнүнө бирден китеп тапшырасың
Окусаң көңүлүңдү кайгыланткан.
Ичинен иргеп алар бирөө да жок,
Не кылар айла таппай келе жатам.
А к ы н :
Билбейсиң анын терең маанилерин,
Тарыхка кала турган келечегин.
С ы н ч ы :
Сурайлы андай болсо калыстардан
Биринчи айылдагы колхозчудан
К о л х о з ч у :
Кат билбейм, балдарыма окуткамын
Аябай ынтаа коюп тыңшагамын.
Жаштардын жыйырма менен жыйырма беште,
Жетинчи, сегизинчи жыйнактарын.
Жер айдайм, жер айдоодо ырдайын дейм,
Чөп ором, чөп оргондо ырдайын дейм,
Тилиме бир жумшак ыр таба албадым.
Кой жаям, кой жайганда ырдайын дейм,
Эс алам, эс алганда ырдайын дейм,
Бир ырды он обонго сала албадым.
Ошентип аман эсен келе жатат,
Өзүмдүн таап алган кыңылдагым.
А к ы н :
Түшүнбөйт, кантсин абам караңгы да.
С ы н ч ы :
Баралы андай болсо жумушчуга.
Ж у м у ш ч у :
Ырлар бар мына мындай жаттап алгам:
«Эмгекчи өз ишине шакылдаган,
Күүлөнүп станоктор такылдаган».
Балкамбы, же ырларбы кызыганда,
Адашып айырмасын таппай калам.
Биздерде жаман кызмат брак болот,
Силерде бирдей белем жакшы-жаман?
А к ы н :
Мен жазам, интеллигент достор үчүн,
Ушулар дурус билет ырдын күчүн.
И н т е л л и г е н т :
Аз эмес көптөн жазган жазуучулар,
Адамды алдай койгон өңкөй куулар.
Китеби он жыл мурун «Толук жыйнак»
Ал эми дал эле ошол «Тандалмалар»
Кубанып жаңылыгы бардыр десең,
Баягы-баягы эле окшош саптар.
«Ала-Тоом», «Ысык-Көлүм», миң кайтара,
Биринен, бирине өтүп карызданар
Үргүлөп уктап кеткен кезим болот,
«Надоело, наконең» мындай ырлар.
А к ы н :
Айтышсын жаш өспүрүм окуучулар,
Түшүнгүч курч акылдуу садагалар.
С ы н ч ы :
Макулмун, аныңа да, кана сура.
Ө с п ү р ү м о к у у ч у :
Өтүнөм жазуучу, акын агаларга,
Мени да мүчөлүккө кабыл алса,
Себеби «Ыр жыйнагы» менде да бар,
Кем эмес көркөмдүгүн салыштырса,
Бүткөндө мектебимди акын болом,
Баарынан акын болуу арзан тура!
С ы н ч ы :
(Акынга мурутунан жылмайып карайт)
А к ы н :
М… м… .
Ырас, ырас, «көп айтса калп айтышпайт»
деген кеп чын
Бирок да билсе акындын капалыгын.
Элим бар миллионго жетер жетпес,
Китебим төрт миңинен ары кетпес.
Пушкиндей миллиондогон окуучум жок,
Көп азап, азга жазуу, турсаң ойлоп.
Ырымдын начардыгы ушундандыр,
Кантели ким айыптуу, жалгыз тагдыр.
С ы н ч ы : ( китепканачыга)
Мен сизге бере турган тапшырмам бар.
К и т е п к а н а ч ы :
Даярмын аткарууга кадырмандар.
С ы н ч ы :
Элинин биздин элден саны аз болсун,
Атагы СССРге тааныш болсун.
Ушундай бир акындын китебинен
Көп ракмат айтар элем алып берсең.
К и т е п к а н а ч ы :
Мынаңыз!
А к ы н (окуп)
Коста Хетагуров!
С ы н ч ы :
Костанын эли болот аз осетин,
Билерсиң биздики андан көп экенин.
Карачы, орус, кыргыз түмөн калктар,
Бардыгы өз тилиндей сүйгөндөрүн.
Жамансың акыным, өзүң жамансың да,
Жаман деп бетиңе айттым ызаланба!
Үйүң бар, жайың салкын, кышың жылуу,
Жашайсың Фрунзенин бир бурчунда.
Көрбөйсүң айылдагы турмуштарды,
Сагынып сени дайым күтүп турса.
Жетишсе китебиңе чебердигиң,
Кылымдар сакталуучу алптар анда.
(Акын ойлонуп отуруп калат).
30/XI 1939
СҮЙЛӨШҮҮ
Датасы: 29.12.2021