СҮЙҮНҮН ТҮРЛӨРҮ

Сүйүү кызык, сүйүү таттуу бир башка,
Кимдер сүйбөйт дени таза жаш чакта?
Биз сүйөбүз, намыс кылбай сүйөбүз,
Жаш улгайып карып бара жатсак да.
Анда айып жок. Айтам деген оюм бул:
Сүйгөнүм бар, эки кызды бир учур.
Кандай болду ал сүйүүнүн аягы,
Мен сүйлөйүн сен жакшылап угуп тур.
«А» аттуусу мени көрүп кызарат,
«3» аттуусу мени көрүп кумсарат.
Ал кызаруу; ал кумсаруу – чын сүйүү,
Сүйүү күчү жүрөгүнө от жагат.
Мен ойлодум, терең ойго малындым,
Ортосунда ушул эки жалындын.
Байкоо кылбай кумсарганын алам деп,
Өктө калып өмүрлүккө жаңылдым.
4/ХI 1946
Чолпон-Ата

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6 + девятнадцать =