ОЙ, ЖЕР АЙ

I
О, тунук кашка сууларың,
Күр этип ташка урганың.
Бир гана жутуп алууга
Көрчү суусап, турганым.
Агыны катуу, күүсү шар,
Болгон менен сабырлуу.
Нак жерден чыга оргуган,
Оору жанга дарылуу
Ушуну көңүлүм желдетсин,
Сууларына не жетсин?
Тагдыры үчүн эрк эңсеп,
Канын төгүп жан тепсеп,
Кылычка, окко, союлчан
Эринин аты Темирбек.
Жүз жаштан аша жашаган,
Адамынын жаны бек.
Элдериңе не жетсин,
Ушуну көңүлүм желдетсин…
Сүрөттөөгө тоосу бар,
Аты – Ала-Тоо, баскан кар;
Жүз жылдар мурун ушу эле,
Деп кеп кылат картаңдар.
Сүйдүргөн сүйүп өз калкын,
Ала-Тоо тоодой бүт алтын.
Сан жеткис жылкы каптаткан,
Миллиондоп уйлар жуушаткан;
Короолуу койлор мал көркү
Канча болсо бүт баткан.
Сулуу уктап, таттуу түн;
Ала-Тоодон бал тапкан.
Жер айлансын, мейли бек!
Нык орногон тоолор чеп.
Ушуну көңүлүм желдетсин,
Тоолоруна не жетсин?
Өскөн сенин гүлдөрүң,
Өчпөс сенин күндөрүң.
Эрк талашкан эрдик бар
Калганынча сүлдөрүң…
Эсимден кетпейт балалык,
Далай кызык иш кылдык.
Атайы күтүп тынч түндү
Топтолушуп бир чыгып,
Жарык түндөр эсте бар,
Ак чөлмөк ойноп ыргытып…
Далай жигит күтүп жар,
Кыздарына болгон зар;
Алда сенин түнүң ай!
Жылдызы бар, айы бар
Ойгонгон эркке болуп ээ,
Чоңойгон гүл ичинде…
Атадай маңдай сылаган,
Кыраандай таптап чыгарган,
Эл ардактап көсөмүн
Атасындай сагынган.
Жерим жүрөк дарысы,
Жерим көкүрөк дарысы…
Байлык болгон санаада,
Жеримде бар баарысы.
Адамдыкка кас ойлор,
Келер үлүш алгысы.
Ой, жер аай
Канга сиңген сөз,
Элимдин катуу намысы.
Жер ай, жер ай, ой, жер ай!
Ойлоп келсем ойго бай.
Бардыгына не жетсин?
Бардыгын көңүлүм желдетсин!
II
Кыргыздын калкы каарман
Кубантты бизди нур заман
Жетүү үчүн бул күнгө
Ыр менен элим какшанган.
Кесилип көкөй, көз соолуп,
Кыялы бүркөө, суз калган,
Карамолдо ошондо –
«Көкөй кести» күү чалган.
Кыргызга гүлдөй өсүүгө
Жол ачты го бул заман!
Көчүп кыргыз тоо тоодон,
Тоодо ойрондуу бороондон
Баскан жолу кыл аска,
Коргонгон чеби тоо болгон…
Угулуп тар айылга,
Далай талант кор болгон.
Ленинге ыраазы!
Ленин бизге жол ачты!
Балкалуу кол, мол акыл
Аңтарып кирди тоо-ташты.
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
Боз үйдүн баксыз булбулу,
Чарчабас кыргыз дулдулу.
Каргыл үн менен какшанган,
Көзүнөн ойноп от жанган
Калык ырчы ыр жазды.
Ыйлата комуз күү чертип,
Ырчысы далай боздогон;
Эркиндик сүйгөн азган эл
Эмнеге кол созбогон?
Ар аскада бир өлүк,
Кетпес ойдон күн болгон…
Кыргыз батты жыргалга
Мына ушул күн, окшогон!
Ленинге ыраазы,
Ленин бизге жол ачты!
Биз элбиз согуш сүйбөгөн
Амалын анын үйрөнгөн.
Сөзсүз кылыч жарк этет,
Кылычка кылыч чак этет…
Биздин кымбат адамдар,
Табыла койбос акыл бар.
Түрдүү ишинде жол билген;
Танка минип секирткен,
Мында да биздин уулдар,
Мында да кыргыз уулуң бар.
Кыргыздан көккө учкуч бар.
Бул кезде чыкты укмуштар…
Жарачуу баатыр эл болот,
Керек кылса уруштар…
Мында да биздин уул бар,
Мында да кыргыз уулуң бар.
Сүйгөн жерин, март элин,
Сүйүндүрүп берген бак.
Учкуч да бизде, суучул да,
Жан арнап кызмат кыла алат.
Атчандары бир катар,
Чыдамсыз мезгил жуп жетсе,
Кыргыз уулун бере алат…
Биздин жаңы баатырдын
Адаты – бербес намысын…
Ансыз элин сактоо жок,
Ансыз атын актоо жок.
Атасы кол бербесин.
Энеси сүтүн кечпесин.
Биз ошондой жаралдык,
Элдин уулу эр келсин!
Ойлосом оюн дайрадай
Чыккан ойдон жалынмын;
«Ой элим» деп саргарган,
Алашчылар агымын
Туурап жаткан жерим жок.
Өзүмдүн жетер бар ырым…
Мен сүйгүч элге берүүгө…
Жүрөктүн кесип жарымын.
Аз болсо да алымча:
Элге арнаймын баардыгын.
Өмүрүм жумшал эл үчүн,
Ошолор үчүн табылдым.
III
Ой жүгүртсөм алдыга
Болгон кезим балалуу.
Балам болуп агалуу;
Жылдызга учуу ойлонуп,
Дагы уулум бар эң улуу.
Агарып сакал, чач түшүп,
Чарчабай жазып олтурам
Өмүр анда дабалуу…
Жүздөн ашкан китеп бар,
Ыр, дүйнө тааныр романдар.
Ушуну ата жаздыңбы!!
«Кантип эле» дейт балдар…
Ха, ха, ха, чал болдумбу?
Деп карайм
Ушуну ойлоп көп самайм.
Күчтүн билем жетерин,
Күтүүгө шашкак экенмин…
Ырас эле кез келип,
Ушуну көрөр бекемин?
Акылдуу менин досторум,
Гүлдөтүшкөн өз доорун.
Уктоосуз жазган эмгектер
Таба билген өз ордун.
Сылап коюп сакалын,
Белгисин кылат атанын.
Аалынын ушул Жолдошу,
Чын эле болуп жолдошу…
Башкача тилден сөз кошуп,
Аманбы чал деп кол созду.
Баягы мен: «ай» өмүр…
Ушунуң даба болбоспу!
Жигит болгон балдары:
Жусуп,
Жоомарт,
Кубанычбек чалдары…
Жазууда жүрүп карыган
Кары Мукай бар дагы…
Менин:
Сонун жигитчилик кезимчи?
Элестей түшөт ал дагы…
Андай басса,
Кайда барса…
Сүрөтчүлөр тарткылайт,
Аалыкемде үч, төрт орден,
Көп акындын
Төштөрү эле жаркырайт
Ха, ха, ха!..
Чын элеби деп карайм:
Келер күндү көп самайм.
Күчтүн билем жетерин,
Күтүүгө шашкак экенмин…
Ырас эле кез келип,
Ушуну көрөр бекемин?
Гүлдөгөн күндө, бирге өскөн;
Курбуларым эскирип…
Лондондо, Париж, Кытайда
Кылкылдаган кызыл туу,
Барлыгына илинип…
Коммунизм доорунун,
Бактысы үчүн чечилип,
Сур түрмөдөн чыгып эр,
Жарк күлүп алып эркиндик!
Бүт дүйнөнүн бир боору,
Кездешкен кез биригип.
Жыргал жашоо башталып,
Дүйнөдө элдер түбөлүк
Өзүн өзү башкарып.
Ушул күн бат келсе деп,
Алдын тоскон мен элчи.
Дүйнөнүн бардык бурчтары
Тезирек эле теңелчи…
Ха-ха, ха!..
Ачып көздү мен карайм
Ушуну ойлоп көп самайм.
Билем күчтүн жетерин,
Күтүүгө шашкак экемин.
Ырас эле кез келип,
Ушуну көрөр бекемин?
Көчөлөрү жаркырап
Шаарлар сулуу болду абат.
Ох, деп эстен танарлык
Алган кезде бир карап
Көркөм сонун үйлөрчү
Эң эле азы үч кабат!
Кыздары күлүп шыңкылдап
Келиндери кылтылдап,
Эх, кандай бу жарашат!
Теңелгин элим, теңелгин!
Баюуга сөзгө мен кеңмин.
Максатыңа көздөгөн
Жетүү үчүн бар го эбиң!
Эмгек, эрчее болбосо,
Эмнеге бүткөн бай жериң?
Оңой эмес атагың
Жеңил эмес бул наамың,
Мына ушундай жеримден
Ушуну көрөр бекемин?
Көчөлөрү таптаза
Жүрчү жолдор бир башка;
Дем алып келчү жер болуп,
Көрүнүп турган ушу аска!
Жер алдынан зымырап
Жетип барып бир паста…
Өкүнүп элдер бир барбай
Сулуу жер жок түк андай.
Эч болбосо көрүүгө,
Бык-бык толгон эл кандай.
Ургулап келип коңгуроо,
Шарт бурулат трамвай…
Койчу ары, кандай ой басты,
Ойлодум кайдан ал чакты?
Бардыгы:
Мына, мына
Кадимки
«Болсо экен» мына, ыраспы!
Угулгансыйт дүңгүрөп,
Казылгансып жер асты.
Мына мени тынчытты,
Ушул санаам чын чыкты.
Ушуну көрөр бекемин,
Дегенге күчтүн жетерин,
Билип айттым мүнөзүм:
Издебей сөздүн бекерин:
Сен үчүн элим ойлоном,
Ушундай болот эртеңиң!
Ушундай мага күн келер,
Тилегимди бир берер,
Өмүрүң тунук кашка суу,
Кыргыз эли күлө бер.
Ошол турмуш алдында
Тоо жели ойноп жүрө бер
Не бир сонун курбум бар,
Курбулар эмес – булбулдар.
Ал сонун күндө, гүл болуп
Бирге жашап жүргүм бар.
Акылда бар көп байлык,
Алиге кылт эте элек,
Сөздө да бар көп байлык,
Алиге былк эте элек,
Курбуларым соо болсун,
Талабы аскар тоо болсун.
Жерим – жүрөк дарысы,
Жерим – көкүрөк дарысы
Байлык болгон санаада
Жеримде бар баарысы.
Адамдыкка кас ойлор,
Келер үлүш алгысы!
Эч душман үлөш ала албас.
Жеримден орун таба албас.
Биздеги эркин турмушка
Бүткүл дүйнө кабардаш!
Ой, жер ай…
Канга сиңген сөз,
Элимдин катуу намысы.
Кан күнгө так калтырган,
Кыргыздын союл чабышы!
Жер ай,
Жер ай…
Ой, жер ай…
Ойлоп келсем
Ойго бай…
1936

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

12 − 10 =