Салтанат салтын чачып сайдан сайга Кабландай катуу тийип капчыгайга,- Күрпүлдөп күчү кайнап күкүктөнүп, Буурадай буркулдаган Нарын дайра. Жаңылбай жарык нуру кыштан жайга, Куш учпас, буудан баспас капчыгайга. Түрлөнтүп жаңы өндүрүш үйүн тигип Ильичтин шамын Жаккан Нарын дайра. 14/XI 1946 Чолпон-Ата