Мен бул жакта жүргөндө Эстер бекен курбулар? Эстесе эстер бир күнгө, Бирок бир жыл унутар. Неге антишет, билбеймин, Унутчак күндөн кайсы опо? Унутсаң унут, таарынбайм Ырым жокто, мен жокто. Көзүм барда, курбулар, Эстегиле, антпеңер, Жүз жыл бизге энчи эмес, Унутушар кез келер. 18/ХII 1945 Койсары