Айылда күндөр узак, күндөр узак, Негедир зериктирет мезгил өтпөй, Себеби, дем алуу кез… бекерчилик, Бирок да турмуш кызык көңүл чөкпөй. Аткан таң, баткан күнү билинбеген Кандайча Фрунзеде күндөр күлүк?! Ойлосом: он саатча сезбептирмин, Окууда он жыл окуп, он жыл жүрүп. 10/XI 1946 Чолпон-Ата