- Обозгер жакшы – кан жакшы, аялы жакшы – эр жакшы
- Озунган – утат
- Ой жеткен менен кол жетпейт
- Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет
- Ойноонун да ыгы бар, ойлоонун да сыры бар
- Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө
- Окшошконго – мушташкан
- Олтурган кыз оордун табат
- Он эки пайгамбардан, бир кудай улуу
- Оң колуңдун ачуусун, сол колуң менен бас
- Оозу күйгөн – айранды үйлөп ичет
- Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн
- Оозунан ак ит кирип кара ит чыккан, эртеңкини эмес, эмикини унуткан
- Оозуң кайсы десе, мурдун көрсөткөн
- Оор иштен коркпо, оор сөздөн корк
- Оору кадырын соо билбейт
- Оору кайда болсо, жан ошол жерде
- Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт
- Оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тырмайт
- Ормон опуза
- Оро албаган орок тандайт
- Ороктон качкан ыраак чычат
- Орус менен дос болсоң айбалтаңды ала жүр
- Осмо кетер каш калаар, суулар кетер таш калаар
- От жаккандыкы, тон кийгендики
- От чаласынан, сөз чаласы жаман
- Отту көөлөсөң өчөт, кошунаңды көөлөсөң көчөт
- Отун – олжо, суу – кордук
- Отун албаганга от жактырба
- Оюндан омуртка сынат
- Оюндан от чыгат
Макал
Датасы: 15.10.2020