КЫРГЫЗСТАН

Кыргызстан — жашыл жери, жашыл бакча жергеси,
Жайыт төрү, дан талаасы, сан байлыктын энеси.
Кен казнасы, көл сулуусу, тунук суунун атасы,
Ак пейилдин, мартчылыктын, ырыскынын кемеси.
Кыргызстан — соолук айлы, таланттардын эшиги,
Тунук акыл, чебер колдун түгөнбөгөн кесиби…
Заманына, өз калкына ой-пикири санаалаш,
Кыргызстан ыр калаасы, ыракаттын бешиги.
3/I 1946
Кайсары

Автор

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пять × 1 =