Кыргыз тилим — кыргыз үчүн жаралган,
Кымбат баасын улутунан алалган.
Биринчи эле «Апа» деген сөз чыгып,
Билесиңби эне тил деп саналган.
Эне тилде эне сүтү ширелген,
Балдарына эне атайлап жибергең.
Бириктирип ой-максатын, тилегин,
Бир улутту ошол тилге имерген.
Кыргыз тили кыргыз элин сыйлаган,
Калк кубанса кубанып, капаланса ыйлаган.
«Манас» менен «Эр Төштүктү» таштабай,
Кылымдарды сактап келди кыйладан.