КЫЛЫМДАР

Ай батат, жылдар өтөт, зуулап бат-бат,
Жебедей кароолуна тийип шак-шак.
Түгөнгүс эртеңкинин эшиктерин
Китептин барагындай ачып шарт-шарт.
Жортуулдан жолдуу кайткан жигиттердей,
Өмүрлөр муңду тепсеп күлөт шат-шат.
Кылымдар кыз эскирткен шайыга окшоп,
Кайдадыр желп-желп этип калып жатат.
О кайда, мынча алкынып жулунасың,
Тоо-ташка азоо тайдай урунасың,
Соң-Көлдүн колго түшпөс кундузундай
Жылтылдап кызыктырыл кубуласың.
Кул болуп адамзаттын бийлиги үчүн,
Кош миздүү канжар болуп сууруласың.
Заманга токсон тогуз өңөр жасап,
Жүзүңдө кайра энеден тууласың.
29/I 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

12 − один =