КУБАНАМ, БИРОК АЙЫБЫМ БАР

Эң ак жолтой бактылуу го жолуңар,
Билимиңер, бу силердин огуңар.
Сонун турмуш кызыгына чоңоюп,
Эми силер биздин бир күч болдуңар.
Билимиң ок, колдоно көр жакшылап,
Ошондуктан мылтыгыңды мээлеп ат!
Аздык кылат, иште дагы окугун,
Профессор бол, биз үчүн бул эң кымбат.
Большевикке большевикче иш кылыш,
Билесиңер, бизде бар бир чоң кылмыш.
Биздин жакта сабатсыздык дале бар,
Бул иш үчүн ыза эмеспи Күн чыгыш?
Жамандарча жалжактап тим жүрбөстөн
Көпчүлүктүн пайдасы үчүн күрөшкүн.
Биз дагы ушул техникумдан чоңоюп,
Жакшы турмуш жыргалында бирге өскөн.
Курбуларым техникумду бүтүрдү,
Кыргызстан бир чоң жеңиш күтүндү.
Ошондуктан эчтекеге бой бербей,
Кана эми чындап чыгар күчүндү.
Билим менен дүңгүрөтүп тоону жар.
Билим менен күйгөн өрттү өчүрө ал.
Чынында да бул кубат бар силерде,
Мен кубанам, бирок менин айбым бар.
Силер менен бирге бүтөт элем го,
Кубанычта бирге жүрөт элем го.
Педагогдун бири болуп калдым деп,
Мен ташкындап дагы күлөт элем го.
Бат эле мен чоң окууга барбасам,
Жанды берип абдан окуп салбасам.
Өмүрүмдүн баары кетсе мейличи,
Билимдүүнүн бири болуп албасам.
1935

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

двадцать + 5 =