Жан сергитип, жаңы өмүрдү ойлотот, Күн күркүрөп жарк-журк эткен чагылган. Жазга салам, жазга урмат, суук жок, Жарык дүйнө сапарынан табылган. Келди мезгил, өлбөгөн жан көгөрөр, Жашоо баркы, кош айдоого уруксат. Быйыл көрбөс жүз жыл мурун көргөндөр Тирүүлүк күн, жаңы ырлардай жыттанат. 3/I 1947 Чолпон-Ата