КОРУКЧУ

Коруктун башы коомай жол,
Копол ууру оомай жол.
Кыярып бышкан ак эгин,
Арам колдон аман бол.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Дандарың жерге түшпөсүн,
Башыңды бирөө үзбөсүн,
Бак-дөөлөткө учкашып
Бажырайган күз келсин.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Корукчу корук көздөсүн,
Көргөндөр мактап «сөз» десин
Атка минип аралап
Көпкөн жигит өтпөсүн.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Талкалап буудай тактасын,
Эң асылын тазасын.
Калаадан чыгып жыгылып
Мас жигит уктап жатпасын.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Таруулар бышып таранып,
Талыкшып боюн каранып,
Толуп турган кезинде
Таранчы келер кап алып.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Таруунун кыяр сабагын
Шыпырып кетер дандарын
Жакшы кайтар колхоздун
Жаш жандырар тамагын.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Коноктор бышып саргарып,
Орот деп качан жарданып,
Бойго жетип турганда
Чымчыктар келер чийне алып.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Коноктун кыркар сабагын
Корукчу жакшы карагын.
Таш үстүндө колхоздун
Гүл өстүрөр тамагын.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Бош эмес бардык аңыздар,
Төмөндө коон дарбыз бар,
Бөйрөгүн оюп кетпесин
Карга деген кансыздар.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Колхоздун иши оң болсун,
Азык-түлүк мол болсун.
Жүгөрүлүү чүйлүктүн
Жүгөрүсү тоо болсун,
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Калкымдан бирөө өлбөсүн
Түк жамандык көрбөсүн.
Көп таруулу көлдүктүн
Бозосу агып көлдөсүн.
Айт, айт куу, куу!
Айт, айт куу, куу!
Коромжу болбой жакшы өссөң
Сүйүнчүңө кашка суу?
6/ХII 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

три × один =