КАЙСЫНЫСЫ ЧОҢ


Мурунку, мурунку өткөн бир заманда ага-инилүү үч бир тууган бала бар экен.
Үчөөнүн ортосунда жападан-жалгыз бир өгүзү болуптур. Ошол өгүздү үчөө тең
багышчу экен. Өгүздүн узундугу үч күнчүлүк жол болгондуктан, кичүүсү жем-чөп берип, суусаганда сугарып дайыма баш жагында туруучу экен. Ортончусу орто жеринде туруучу, эң улуусу соору жагын тейлөөчү экен.
Күндөрдүн биринде өгүз жампа таштабай калат. Ал ортончусуна келсе, ал
дагы ичи катып калганын айтат. Ошону менен кичүүсүнө барса, чүкө ойноп
кетип, өгүздү сугарбай тим койгон экен. «Өгүз суу ичпей калгандыктан ушинтип жаткан турбайбы» дешип, аны бир чоң көлгө жетелеп барышат экен. Суусап калган өгүз бир шимирүү менен алиги көлдү жутуп коюптур. Ошондо түбүнөн бир чоң балык чыга калып, өгүздү жутуп жибериптир.
Ошол убакта бир бүркүт асманда учуп келе жаткан. Балыкты көрө сала дароо
илип алып жөнөп отуруп, конорго эч ээн жер таба албай, беш эчкинин арасында турган текенин жалгыз мүйүзүнө барып коно кетти. Баш эчкини кайтарып жүргөн абышка алиги бүркүттөн коркуп, текенин санына жашына калыптыр.
Бүркүт балыкты жеп, анын ичиндеги өгүздү кошо бүтүрүп, андан ары учуп кете берди. Өгүздүн бир далысы текенин сакалынын арасында жашынып олтурган абышканын көзүнө түшүп, ал эмне экенин билбей убараланды. Үйүнө барып айтты эле, кемпири ала бакан менен ары бир копшоп, бери бир копшоп, таба албай койду. Ошондо айылындагы бирөө аты-тону менен кирип барып, ары-бери чапкылап жүрүп, далыны таап чыкты. Аны этибарга албай, талаага ыргытып жиберишкен эле.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

12 − 9 =